www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эски бийлик менен жаңы бийлик бири–биринин белин сындыргысы келди. 1-таймда эски бийлик мертинди...

Темирлан Келдибеков 02-октябрь 2019, 12:32

Эл пикир


Эски бийлик менен жаңы бийлик бири–биринин белин сындыргысы келди. 1-таймда эски бийлик мертинди...

Атамбаевдик бийлик менен андан кийинки бийликтин ортосунда шахмат боюнча кармашуу болду. Атамбаевдик бийлик күтүлбөгөн жерден катуу цейтнот менен 1-таймда жеңилүүгө учурады. 2-тайм да алдыда, бул таймда кимдер ойногону менен тааныштыра кетели:

 

Каралар

Король

Алмазбек Атамбаев

Карасанатайлык менен кара өзгөй, кара саясат  жүргүзүп, кара жол менен бийликке келип, кандуу кара жол менен бийликтен кеткен Атамбаев, алты жыл ичинде кыргыз элинин башына кара күн түшүрдү. Кара басып караламан калк  кара курсагын тойгуза албай, кар арасынан кара тезек издеп, кара жанын багыштын айласын таппай калышты. Кара күчтөрдүн күнү тууп, капкара «мерседестер» карасур тартып кара кейнстерине жашыл долларларды салып, кара тизмеге илинишпей, «черный ходдор» менен жүрүп калышты. Кара тизмеге илингендер караңгы жерлерди караан кылып калышты.

 

Ферзь.

Фарид Ниязов

Чатыр-Тау бөксө тоолорунан «гастролго» келген Фарид Ниязов, Атамбаевдин кайынагасы, Бельяниновдун кандаш тууганы «Сез татлы ризыклардан ни телисез?» деп ага миллион сомдук шишкебек жедирип, жерге буту баспай калган, каранын Ферзи, асманга чабыттап, миллиардаган долларлык «беспилотный самолету» менен гана учкусу келип турган. Кайынагасынын мураска кала турган бийлигине чиренип, Текебаевке окшогон чиновниктерди көчүккө тээп камап, Аманбаевага окшогон депутаттарды СИЗОго чейин төркүлөтүп, кыргыз элин муштум менен кармагысы келген.Чыныгы ферздик жүрүштөр менен Бээжинден Москвага чейин таскактап жүрүп турган.

 

Ладья-1

Абдил Сегизбаев

Экинин бири болуп турган «Ладья» -Сегизбаев УКМКны уучтап турганда, өөнү жокко өөн таап, көөнү жокко көөн таап, «Белизгейт» деген чыгармасы менен бел ашып, бели сынбагандардын белин сындыра кармап Кыргызстанга чынжырланган авторитардык режим орноткусу келген. Элдин оюн таамай айтам деген «Азаттыктын» азабын өз мойнуна алып, аны жетектеген бирге окуган Венера Жуматаеванын ойлогон максатын ой-да аткарып жүрдү. «Азаттыкты» чаккан Венера айымдын ити чөп жеп, 400 миң АКШ долларын чапчыган хансарай белек алып, жем жеген “аштоосу” асманга учуп Атамбаевден  айына 10 миңден 15 миң долларга чейин «айлык акы» алып турган дешет. Кантсе да кыз эмеспи, Иса Өмүркулов сыяктуу достору Атамбаевди сатса да, Венера Жуматаева алгандарын актай албай, же Атамбаевди мактай албай айласы кетип туру.  

 

Ладья-2

Улан Исраилов

Атамбаевдин жансакчысынан атырылып ИИМ министрине жеткен «Ладья» милиция үчүн араба тарткан ат болом деп жүрүп, бийликке эшек болуп берди. Болгондо да Атамбаев ылгап туруп минип алды. Кримавторитетке барса деле минип алып барат, «сортирге» барса да сороктоп минип алып көлүк эшекке айланды. Бул эшектин оттобогон жери калган жок. Атамбаевдин даамдуу жайытынын бардыгын оттоп чыкты.  Талаада калганда, Кой-Ташка барып койкоңдоюн деп жулунду эле, азыркы бийликтин сөөмөйү үнүн биротоло өчүрдү. Эми да оттоюн десе, эки тизгин, бир чылбырдын учу Атамбаевде болуп атпайбы.

 

Ат-1

Ирина Карамушкина

Карамушкинанын атын укканда шайтан да тешикке кире качат экен. Шайтан билбегенди билген «Карамышык» Атамбаевдин чачпагын кармай калып катуу жыдыды. «Эстүү аял» эмеспи «этекке  чаптырбай» билип, Кой-Таштан соң Атамбаевдин куйруктары СИЗОдо «лиса»тарация кылып жүрүшсө, «Карамышык»  өзүн-өзү үй түрмөгө камап «люстрациялап» жүрөт.

 

Ат-2

Мурадил Мадеминов

Бокстун акесин тааныткан Мурадикең, муштуму менен Атамбаевди далай эле коргоду. Текебаев парламентте акесин мазактап атканда, аны тумшукка урду эле, «мозгисотрясение» болгон Өмүкең Атамбаевди мактап, башы тескери айланып калган. Мурадикесинин муштуму менен Маевскийдин «маанилүү» шыкагы биригип Өмүкеңин өпкөсүн үзүп, бир топ убак караңгы жерде озондотту.

 

Офицер-1

Равшан Жээнбеков

Атамбаевге аталык болгусу келген Равшан мырза АКШтын алктуулары, ЦРУнун «сырдуулары»  менен алака кылганын орус маалыматы жарыкка чыгарган. Нүзүп аталык Шералыны хан кылып өтүгүн ак сарайга илдирип коёт эмеспи. Акыры Шералихан Нүзүптүн башын жутат. Биздин замандын Нүзүп аталыгы Равшан үка Атамбаевди кайрадан президент кылып, чокойун токойго илип койгусу келген. Чокоюнун азабын кийин тартып, чокуга бирди жеп, чокудан сыйгаланып түштү. Атамбаев канга колу малынып, Кой-Ташын сагынып, камакта жатса да, «Бөрү карыса бир койлук алы бар» деп эксаталык «Шералыны» кайрадан тактыга отургусу келеби?

 

Офицер-2

Асел Кодуранова

Койнундагы котур ташын Кой-Таштан кодураңдатып алып чыккан Кодуранова мыйзам боюнча Атамбаев башкара албаган СДПКнын жетекчиси болгон.

 

Пешкалар:

  1. Мээрбек Мискенбаев;
  2. Кундуз Жолдубаева;
  3. Кыяз Смайлов;
  4. Орозова Карамат;
  5. Артыков Анвар;
  6. Амантур Жамгырчиев;
  7. Султанбеков Темирлан;
  8. Айнакулов Мухтарбек.

Актар

Король

А. Жээнбеков

Оозу менен орок оргону менен кыргызда бир да эркек жок экен. Бир учурда Атамбаев жөтөлүп койсо аялдарынын дамбалдарына баштарын ката коюшкан эркектерди көрдүк. Атамбаев бийлигин берген соң баш көтөргөн эркектер көбөйдү. Кыргыз деген жираф сыяктуубуз. Биздин мээбизге акыйкат жеткиче далай суу агат. Мугалимдерибиздин көзү  быйыл октябрда гана ачылды. Анан башкасын тим коёлучу. Атамбаевдик кандай ажыдар бийликтен кутулганыбызга элдин көзү жеткиче көп убакыт өтөөр. Бирок ажыдарды жок кылган жигиттер ажыдарга айланып кетчү эле.

 

Ферзь

Мухаммедкалый Абылгазиев

Абылгазиев бийликке кан берип, локомотив болгону менен анын өкмөтүнө көпчүлүк адамдардын түкүргүсү келип турат. Балким анын башка иш бүтүп калгансып “Түкүрүккө” ашыкча баа берип, “Түкүрүктү” мамлекеттик деңгээлге алып чыгып, Жогорку Кеңештин зор жыйыны учурунда “Түкүрүк” маселеси каралгандан улам болсо керек. Өкмөттүн аты да “Түкүрүк” аталды. “Түкүрүк” өкмөттүн бир “чарыктык” алы бар эле, көрсө эки “чарыктык” алы бар окшойт. Эмнеси болсо да президент жокто Кой-Ташка кол салганын өзүнүн эрдиги катары эсептеп калса керек.

 

Ладья-1

Дастан Жумабеков, спикер

Атамбаев “күчүк” кезинде жетелеп жүрүп чоңойткон. Акеси Сабыр Жумабековдун капчыгы кенен экенин байкап, “Балашкаларынан” ичинен мурдунан сүйрөп спикерге алып келген. Талас меники деп эки алаканын ушалап турду эле,  “бөрү” Бабанов келип, бул “күчүк”  куйругун эки шыйрагына тыгып, талаада калды. Арийне,  ”Күчүк” жетилди, “чоң күчүккө” айланды, ээси алмашып кетип, мурдагы ээсине карап үрсө көчүгүнөн чаң чыгат.

 

Ладья-2

Төрөбай Зулпукаров, Фракция жетекчисинин орун басары

Төрөбай мырзанын таскагы эми чыга тургандай. Угушубузча, ал партия түзө электе эле, анын партиясына кирем дегендердин саны арбын. Убакыт чукталып баратат, ошол үчүн чамдаш керек. Ар кимдин көчүгүн жыттап, жан баккан азыркы спикерге караганда спикер Төрөбай Кулатовдун жүзүнөн жылдыз жангандай спикерликке Төрөбай Зулпукаровдун ылайыгы келет.  

 

Ат-1

Өткүрбек Жамшитов, Башкы прокурор

«Заманың бөрү болсо, бөрү бол, заманың Жээнбеков болсо, Жээнбеков бол». Көздөрү сулуу Асыкем көз ымкып койсо, көчүгү жерге батпай көтөрүлгөн Өткүрбек мырза Атамбаев бийлик кылып турганда да өткүр адам беле ким билет? Азыр Өткүрбек мырзадан өткүр адамды Кыргызстанда чырак менен да издеп таппай калдык. Өткүрбек мырзанын өткүрлүгүнөн Иса Өмүркуловдун “журт атасы” экс-президенттик кол тийбестигинен айрылып, канаты сынып камакта жатат.

 

Ат-2

Кашкар Жунушалиев, ИИМ министри

Кашкар мырзанын деле ат жүрүштөрү бар. Калдалаңдап Кой-Таш десе, ошол жердин оттон өскөн кызыл гүлү. Атамбаевдин убагында да ИИМ министри болду, Жээнбековдун убагында да ИИМ министри болду, деги мансап ага жагат экен. А бирок Ак үйгө киргени үнү басаңдай түшөт. Кашкар мырзанын айтуусунда, ал болбогондо, балким Атамбаевдер бийликке “бумеранг” жасап, кээ бирөөлөр тирүүлөй тозок тартмак. Ал эми Кашкар мырзага эмне, ким мамлекет башында болсо да министрлиги түбөлүк.

 

Офицер-1

Орозбек Опумбаев,УКМК төрагасы

Эл Кой-Таш деп кокуйлап жатышса, “опщум” Опумбаев опуту көпбү же азбы ким билет, кызматымдан отставкага кетем деп ак кагазын көтөрүп Ак үйдө жүрдү. 2005-жылы 17-июнунда Урмат Барыктабасов Ак үйдү басып алган, ал кезде президентке талапкер Бакиевдин бир жагынан кудасы, бир жагынан УКМКны жетектеген Таштемир Айтбаев Барыктабасовду бакырта кубалап чыккан. Эмки УКМК жетекчилери  бирдеме болсо кетем деп коркутат.

 

Офицер-2

Курсан Асанов, ИИМ министринин орун басары

«Революция өз башын өзү жутат» деген сөз Оливер Кромвелден бери келатат. «Мен-мамлекет» деген Атамбаевди кынга киргизе кубалагандардын ана башы, накта патриот Курсан Асановдун саамалыгы. Атамбаевди баш ийдирүүнү баштап берген Курсан Асанов кызыл баштыктын кызыгын көрүп жүрөт.

 

Пешкалар

  1. Кулбараков Абтандил;
  2. Гаипкулов Искендер;
  3. Жыргалбек Турускулов;
  4. Замирбек Аскаров;
  5. Алмаз Кененбаев;
  6. Марипов Улукбек;
  7. Бакыт Төрөбаев;
  8. Алтынбек Сулайманов.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83