www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тамеки сатууга тыюу салынабы?

Алтын Булат 03-октябрь 2019, 12:40

Саясат Коом


Тамеки сатууга тыюу салынабы?

“Менин колумда кооз таӊгакталган насвай турат. Индиядан контрабандалык жол менен алынып келиптир”. Бул жарнама эмес, депутат Айнуру Алтыбаеванын бүгүн 3-октябрдагы парламенттин жыйынындагы көтөргөн маселеси.

Ага ынана турган болсок, насвайдын акциздик маркасы болгон эмес. Ошондуктан муну укук коргоо органдары тактап, ага бөгөт коюшу зарыл экенин эскертет Алтыбаева.

- Бул насвай пакети жөн эле кооз пакет эмес, «Рахат алыӊыз!» деп бадырайта жазганына караганда, адамдарды насвай чегүүгө үндөп жатат. Эгер биз жарандарыбыздын саламаттыгына чындап эле кам көрөлү десек, анда насвайга, тамекиге, алкоголдук ичимдиктерге тыюу салган мыйзам кабыл алып, анын аткарылышын катуу көзөмөлгө алышыбыз керек. Ансыз мындай көйгөйлөрдүн чечилиши кыйын», - деди депутат.

Депутат айымдын айтымына караганда, насвайдан жылына 6 миӊден ашуун адам өлөт. Мындан улам, калктын ден-соолугуна кам көрүүнү биринчи орунга жылдыруу сунушун киргизди.

Расмий маалыматтарга таянсак, 2016-жылдын сентябрь айларында “Тамекинин зыяндуу таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр кирген.

1996-жылдын январь айында Акциздик марка киргизилип, 200 миң даана тамекиге акциздик марка алынса, 2011-жылы анын саны 208 миллион даанага жеткен.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83