www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутаттары кандай болсо, өкмөтү ага жараша

Алтын Булат 03-октябрь 2019, 13:14

Саясат


Депутаттары кандай болсо, өкмөтү ага жараша

Өкмөт мүчөлөрү, министрдин орун басарлары Жогорку Кеңешке даярдыгы жок келишүүдө. Бул тууралуу бүгүн 3-октябрдагы парламенттин ар түрдүү маселелер жыйынында айтып спикер Дастан Жумабеков нааразы болду.

Төрага бул сөзү менен өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиевке дубай саламын жолдоп дагы жиберди. Тагыраагы, өкмөт мүчөлөрүнүн ишке болгон мамилесине баа берилиши керектигин эскерткен аманатын айттырды.

Жумабеков даярдыксыз келген чиновниктердин айынан каралчу көпчүлүк маселелерге тиешелүү жооп алынбай, кийинкиге жылдырылып калып жатканын белгиледи.

Мындан улам, даярдыгы жок барып БУУнун жыйынында уят болгон спикерге элдин берген баасы сабак болсо керек деген ойдо турабыз. Эми “өлүп көрүптүрмүнбү...” деп кыргыздар бекер айтпаса керек. Ошондуктан өкмөттүн өкүлдөрү жок дегенде бирөөнүн катасынан сабак алганды өздөштүрүшсө. Болбосо чындап эле ойду сураган депутаттарга, тоону айтып туруп алышкандары иренжитип жиберет эмеспи.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83