www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэри арестте турган унаанын номерин тагып айдап жүрөбү?

Алтын Булат 04-октябрь 2019, 09:36

Саясат Кылмыш жана кырсык


Бишкек мэри арестте турган унаанын номерин тагып айдап жүрөбү?

Бишкек мэрине таандык Lexus LX 570 үлгүсүндөгү унаадан башка мамлекеттик номур байкалды. Тагыраагы, ал жүргөн унаанын номери бөлөк унаага таандык экенин журналисттер portal.srs.kg. сайтынын жардамы аркылуу аныктап чыгышты.

Ага ылайык, Азиз Суракматов минип жүргөн Lexus LX 570 темир аргымагына жакындан бери 01KG101AC мамлекттик номери тагылып калган. Буга кызыккан журналисттер аталган сайтка баш багып, шаар башчысынын мыйзамсыз кылыктарына туш болушкан.

Башкача айтканда, Lexus LX 570 унаасына тагылган 01KG101AC мамлекттик номери 1996-жылы чыккан Mercedes-Benz E 420 үлгүсүндөгү автоунаага таандык болуп чыккан.

Мындан сырткары, ал Мерседес унаасы арестке же күрөөдө турат.

Белгилей кетсек, мындан мурдараак Суракматовдун айдоочусу жол тандабас унаасын алдыңкы эки каптал айнегин караңгылатып айдап жүргөнүн журналисттер жазып чыгып, ага айып пул салынган эле. Андагы толтурулган административдик протокол дагы 01KG101AC мамлекеттик номурдагы Lexus унаасына жазылган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83