www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент таланттуу балдардын келечегине кайдыгерби?

Алтын Булат 04-октябрь 2019, 14:54

Илим Саясат


Президент таланттуу балдардын келечегине кайдыгерби?

“Мен сиз менен учурашканыма кубанычтамын”. Ушинтип кыргыз роботу президент Сооронбай Жээнбеков менен саламдашты.

Бул робот электротехникасы өнүккөн жапон, корей же кытай өлкөлөрүнөн келген жок. Ал кадимки кыргызстандык эле мектеп окуучуларынын ойлоп тапкычтыгынан жаралган. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Бишкекте өткөн «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» аттуу конференциясынын алдында белгилүү болду.

Мындан улам интернетте талкуу катуу жүрүп жаткан учур. Көпчүлүгү таланттуу, акылдуу балдардын келечегине кызыгышууда. Балдар чоңойсо башка өлкөгө кызмат кылып кетерине ичи ачышкандар.

Ал эми балдардын ойлоп тапкыч талантына күбө болгон Жээнбеков ал окуучуларга өз батасын берген жок. Ал турсун өз эмгектерин өлкө башчыга көрсөтүүгө ашыккан балдарга деле жылуу сөз айтылбады. Бул сапар тууралуу президенттин расмий сайтындагы жазылгандарда деле балдардын эмгеги айтылган эмес. Анткен менен «Санариптештирүү боюнча өлкөбүздү региондогу алдыӊкы орунга алып чыгууну максат кылдык» деп өлкө башчынын сүйлөгөн сөзүнөн улам өлкөдө өзгөрүү болуп кетеби деген ишенич бар.

Эми ким билет, бул лидерибиз мурункудан айырмаланып көп сырды ичине каткан адам эмеспи, балдардын келечегине кызыккандарга бир күнү иш менен жооп берип калуусу мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83