www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекке учканы жаткан кыз Стамбулдун аэропортунан жоголуп кетти

Алтын Булат 04-октябрь 2019, 16:20

Турмуш Дүйнө жүзүндө Миграция


Бишкекке учканы жаткан кыз Стамбулдун аэропортунан жоголуп кетти

Стамбулдун аэропортунан Кыргызстанга учканы жаткан 24 жаштагы Данияр кызы Айчүрөк изделүүдө! Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Жийде Зоотбекова аттуу Фейсбук колдонуучу жазып, коомчулукту жардамга чакырды.

Зоотбекованын жазгандарына таянсак, Айчүрөк 1-октябрда кечки саат 11де Франкфурттан Стамбулга учуп келген. Эки сааттан кийн Бишкекке учуп, 2-октябрда эрте менен “Манас” аба майданына конмок.

“Айчүрөк депрессиялык акыбалда болгон. Ал Стамбулда паспорттук көзөмөлдөн өткөн эмес жана ошол боюнча табылбай жатат. Видеобайкагычка 23:20да түшкөн кадрлардын сүрөттөрүн алдык. Бул убакта ал Стамбулдагы жаңы аэропортто болгон. Ошондон кийин анын эмне болгону, кайда экени белгисиз. ТИМге, Түркиянын Кыргызстандагы жана Кыргызстандын Түркиядагы өкүлчүлүктөрүнө кайрылдык. Учурда Айчүрөк тууралуу эч кандай маалымат жок. Эгер кандайдыр бир маалымат уккан, билген болсоңор, +996704444758 номуру аркылуу Айчүрөктүн атасы Бекболсунга байланышып коюңарды суранабыз!”, -деп билдирген Зоотбекова.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83