www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Раиса Атамбаева ханайым болуп турганда маршруткага түшсө анда "азамат" дейт элек...

Айдар Нуралиев 05-октябрь 2019, 17:13

Саясат


Раиса Атамбаева ханайым болуп турганда маршруткага түшсө анда "азамат" дейт элек...

Кечээ, Раиса Атамбаева маршруттук такси күтүп турган жана маршруткада отуруп бараткан сүрөтү пайда болду. Ага улай эле Атамбаевдин командасы "карагылачы, Раиса жеңебиз кандай жөнөкөй!"-деп бир ооздон мактап киришти.

Бул сүрөт кайдан пайда болду, эмне максатта социалдык тармактарга жарыяланды, ал табышмак деле эмес. Аны Раиса Атамбаева коомчулуктун "оо байкуш, жүдөп калган экен" деген аесун жаратуу үчүн атайын өзү эле уюштурушу мүмкүн.

Болбосо, Раиса Атамбаеванын жөө басканын качан көрдүк эле?.. Ал убагында жөө басмак түгүл, Кытайдан алтын-күмүш, кымбат эмеректер жүктөлгөн учакты айдатып эле жүргөн. Жолдошу экөө эл менен учпай, өзүнчө атайын учак менен эле жүрүшкөн. Же анын мурда эл менен бирге бир учакта учкан же ушинтип маршруттук таксиге түшкөн сүрөтүн көрдүңүз беле?..

Ошол кезде азыркыдай "жөнөкөй" болуп, эл менен жүрсө азыр ишенет элек. Кудайды тааныбай көпкөн неме, азыр калп эле пиар үчүн коомдук транспортко түшүп элди алдабай эле койсо...

Кыргыздын жон терисин сыйрып байыган бул үй бүлөнү кустуруш гана керек, элдикин элге кайтарсын!

Жакшысына албетте адамдык сапаты жакшыдыр, бирок талдаганды үйрөнсөк жакшы болот беле? 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83