www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакай Абдымалик менен Күнболот Момоконовдун тиреши

Айдар Нуралиев 05-октябрь 2019, 18:13

Коом


Бакай Абдымалик менен Күнболот Момоконовдун тиреши

Өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бакай Абдымалик Фейсбук баракчасына жергиликтүү тургундардын пикирин жазып чыкты. 

“Кечээ жергиликтүү тургундардын мүдөөсүн жазсам Күнболот Момоконов "досум" мени "чагымчыл" атап бүт ааламга жар салды. Албетте, Күнболоттун үйүнө таштандынын сасык жыты жетпегенден кийин "ураа патриот" болуу "иттен оңой" иш. Айыл тургундары болсо бул таштандынын жабылышын каалайт”.

Алдыңкы журналисттердин катарын толуктаган Күнболот Момоконов төмөндөгү таштанды таштоочу жай тууралуу макаласына “Жоопко тартылышы керек. Бийликтин жүзүн, элдин ишенимин, мамлекеттик кызматты сыйлай албаган ушундайлар кадырын кетирип жатат», - деп жазган.

Бакай Абдымалик менен Күнболот Момоконовдун талашына сарасеп салып көрсөк,   ал,  Бакай Абдымалик 1-2 күн мурун таштанды таштоочу жай тууралуу жазган экен. Төмөндө анын пикирин өзгөртүүсүз беребиз:

Бекмолдо айыл аймагындагы таштанды таштоочу жайдын таржымалы

Кечетен бери, өздөрүн “Шумкар уя кыймылыбыз” дегендер Бекмолдо айыл аймагында жайгашкан таштанды таштоочу чуңкурду видеого тартып “Альянс алтын “ ишканасы жерибизди уулап таштандысын мыйзамсыз таштап жатат”- таризинде социалдык түйүндөр аркылуу маалымат таркатты. Ушундан алам “ китепти окубасам да пикиримди айтайын” -дегенчелик болуп маселени түшүнгөндөр да түшүнбөгөндөр да өз оюн ортого салууда. Андыктан Бишкекте жатып алып айылдын маселесин “айгайлагандардан” айрмаланып ошол ызы-чуу болуп жаткан таштанды таштоочу жайдын таржымалын иликтеп көрдүк.

Чуңкурду ким казган?

Тээ 2010- жылдары Талас-Тараз-Суусамыр автожолун салган түрктөрдүн “Кайюглы Эрташ” фирмасы бүгүн таштанды таштоочу жайдан кум жагыл алып жол курууга пайдаланган экен. Бирок, жолдун курулушу аяктагандан кийин “Кайюглы Эрташ” фирмасы убадасына туруп казылган жерди калыбына келтирип а түгүл үстүнө суу сээп бетеге өстүрүп бергенин Сасык-Булак айылынын тургуну Насирдин Алымсейитов айтып берди. Эгер түрктөр жер кыртышын кайра калыбына келтирип кеткен болсо, “анда бул жерди кайрадан ким казды”- деген табигий суроо туулат.

Көрсө, “Кайюглы Эрташ” фирмасы кеткенден кийин “эн жердин ээси көп болуп” бул жерге жакын жашаган айыл өкмөттөгү техникасы бар айрым эргулдар ошол кездеги айыл аймагынын жетекчилеринин шалаакылыгынан пайдаланып аталган жайды өзүм билемдик менен кум шагыл алуучу карьерге айланткан. Жергиликтүү бийлик “кой ай” –дебегенден соң “эптүүлөр эки жеп” бул жердин шагыл кумун Талас району боюнча саткан. Ошентип “Кайюглы Эрташ” фирмасы калыбына келтирип кеткен жер кайрадан таштанды ташталуучу чуңкурга айланган.

Бирок, мындай өзүм билемдикке буга чейин айыл өкмөтү болуп иштеп кеткен мырзалар эмне үчүн жол бергени табышмак бойдон калды. Экология жагнын көзөмөлгө алган экотехинспекциянын кызматкелери бир нече жолу бул жерге келгени менен “эшектин тушоосун чечкен эмес”.

Тирүү жан болгондон кийин ар бир үйдөн таштанды чыгат эмеспи. Ал эми Бекмолдо айыл аймагында атайын таштанды таштоочу жай жок болгондуктан эл өздүрү эле бул жерди таштанды таштоочу жайга айлантып алган. Күн салкындап калганына карабастан бул жердин жытына адам чыдап тура албайт. Жер үлүштөрү жана кашарлары ушул аймакта жайгашкан Чолпонбек Намазалиев, Үзүр Атагулов, Насирдин Алымсейитовдордун айтымына караганда жайдын күнү таштандыдан адам чыдагыс жыт чыгат. А түгүл таштанды чириген картошкаларды жеп ушул жерден мерт кеткен уйлар да болгон экен. Шамал болгон сайын Кара-Ой айылын желим пакет каптап кыскасын айтканда жергиликтүү тургундарды бир топ эле түйшүккө салат дешти.

“Шумкар уячылар” айткан уулуу затттар тууралуу Насирдин Алымсецитов : “мен бул жерге ким келип таштанды төксө да колумдун келишинче көзөмөл кылып турам. Жерүйдүн машиналары таштанды төккөнүн үч жолу көрдүм. Алар эч кандай уулу заттарды төккөн жок. Курулуштан калган, кардондорду жана колдонулган желип челектерди таштады. Челектерин кийин ар ким алып кетиптир. Бирок чындыкты айтыш керек. Уулу заттарды төгүп жатса биз деле арап турбайбыз” –деди. Ушундай эле маанидеги сөздү Чолпонбек Намазалиев да кайталады.

Чуңкурдун мындан аркы тагдыры кандай болот?

Бекмолдо айылдык аймагынын башчысы Кубанычбек Камчыбеков “өзүңүздөр уккандай элдин баары бул жердин жабылышын колдойт. “Алтын альянс” компаниясы курулуш таштаныларын таштап бүткөн соң бул жерди рекультивация кылып кыртышты кайрадан калыбына келтирет. Бекмолдо айыл өкмөтүнө караштуу айылдар үчүн башка жактан таштанды таштоочу полигонду ачууга аракет кылып жатабыз” –деди. Кыскасын айтканда, “бөйрөктөн шыйрак чыгарыштын” эч кандай кажети деле жок экен. Тескерисинче эки үч айдан кийин бул жер кайра калыбына келтирилсе айыл элинин көбү кубанары турган иш. Анткени көкөйгө көк таштай тийген, таштандынын каңылжырды жарган жагымсыз жытынан кутулат. Кудай жалгап бирөө жарым бул жерде пайда болгон жардан учуп кетпегенине да тооба келтирсек жарашчудай. Андыктан иштин көзүн таап маселени оң жагына чечүүгө аракет кылып жаткан Бекмолдо айылдык аймагынын башчысы Кубанычбек Каныбековго алкыштан башка айтаарыбыз жок.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83