www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шарабидин Токтосунов: “Жапаровго илинген кылмыш УКМКнын мурдагы башчылары тарабынан ойлонулуп табылган”

Алтын Булат 07-октябрь 2019, 09:21

Саясат Кылмыш жана кырсык


Шарабидин Токтосунов: “Жапаровго илинген кылмыш УКМКнын мурдагы башчылары тарабынан ойлонулуп табылган”

Садыр Жапаров күнөөсүз камалганын кыргыз атпай журту кан какшап айтып келет. Ал турсун жакындан бери “Жапаровду колдоо” топтору түзүлүп, алар миллиондогон элдин колун чогултканга жетишкени айтылууда.

Кыскасы, Жапаровдун учурдагы акыбалынан тарта мына ушул карапайым элдин тынчсыздануусуна чейин анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов менен маектештик.

- Шарабидин ага, мына Садыр Жапаров камалгандан бери, апасы, атасы жана баласы өтүп кетти. Бул жагдайлар кандайдыр бир деңгээлде ал кишинин сынып, мөгдөп калуусуна жол ачкан жокпу? Анын абалы тууралуу айтып берсеңиз?

- Албетте, мындай тагдырды көтөрүү ар бир эле адамга оор. Бирок, бул кыйынчылыктар дагы анын сынып калуусуна өбөлгө түзгөн жок. Садыр Жапаров динге ишенген адам катары, Аллахтын берген сыноосу катары кабыл алып жатат. Албетте, жакындарын жоготуу өкүнүчтүү, ошентсе дагы, Кудай эгер маңдайга жазган болсо ал кырсыктан кача албайт экенбиз, Жапаровдун баласындай жаштар бул дүйнөдөн эрте кеткенине ич ачышат экен.

- Ошентсе дагы башына түшкөн тагдырга моюн сунуп, мокоп калбадыбы? Дегеним, айрым саясатчыларга окшоп, саясаттан кетүү тууралуу ойлонбой элеби?

- Жо-ок, эч кандай мокогон жок. Мурда кандай болсо ошол эле абалында. Себеби, Садыр Жапаров түпкүлүгү катуу, мыкты инсан болгондуктанбы, айтоор, өзүнүн келечегин кыргыз мамлекетине арнаган чыныгы жигит, патриот.

- Жапаровду абактан чыгаруу боюнча кол топтолуп жатыптыр, ушул боюнча айтып берсеңиз?

- Ооба Садыр Жапаровду колдоо штабы түзүлгөн. Анын демилгечиси жалпы эл. Ошо ар тараптагы элдер бизге байланышка чыгып, “митинг кылалы” дешкенинен токтотуп койгонбуз. Анан алар бийликке кайрылуу үчүн ушундай кол топтоо жолун тандап алышты. Бул иш учурда бир эле Бишкекте эмес, Ош шаарында жана Кыргызстандын жети облусунда, андан сырткары кыргыздар бар көптөгөн өлкөлөрдө уюштурулуп, кол чогултулуп жатыптыр.

- Анан ушундай жол менен Садыр Жапаровдун абактан чыгуусуна канчалык кепил боло алат?

- Бул боюнча эч нерсе айта албайм. Ал бийлик башындагылар менен соттордун абийирине жараша болсо керек. Биз билгенден Садыр эч күнөөсү жок олтурат. Ошондуктан ал эртеби, кечпи акыры акталып чыгат!

- Сиз Жапаровдун камалгандан баштап, ар бир сотуна катышып, абалды жакшы билесиз, сот иштери кандай жүрдү?

- Албетте, бүгүнкү күнү соттордун өз алдынчалыгы жок, көз каранды экенин көргөзүп жатышат. Мындай көз карандылыгын, Жапаровдун биринчи, экинчи сотунда көргөзүп коюшту. Жогору жакты карап эле кимдир бирөөнүн буйругу менен эле чечим чыгарышкандай болду. Мына райондук, шаардык жана жогорку сотто дагы Жапаровдун күнөөсүн мамлекеттик айыптоочулар далилдеп бере алышкан эмес. Мындан улам мыйзамды сыйлаган, мыйзамдуу өлкө катары Садыр Жапаровдун ишинде кылмыштын изи жок болгондугуна байланыштуу, ал акталышы керек болучу. Тилекке каршы андай болбой жатат.

- Жапаровдун камалышына Каптагаев себепчи катары алынып, ошол эле учурда ал доосу жок экенин айтканы бар. Эми андай болгон соң Жапаровду кармоого эмне себеп болууда?

- Айтып коеюн, Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровдун үстүнөн эч кандай арыз жазган жок. Каптагаев “Садыр Жапаровдун мени барымтага алгандар менен эч кандай тиешеси, байланышы жок” деп айткан. Туура түшүнгүлө, “доом жок” деген жок, тескерисинче Каптагаев Жапаровдун күнөөсү соттук отрумдарда далилденбегенин билдирген, апелляциялык жана көзөмөл иретинде кайрылган доо арыз болуп жатат. Эми дагы ал киши жаңы жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылып, “Жапаровдун ишин акыйкат карап тергеп, актап бергиле” деген өтүнүч келтирди.

- Каптагаев Садыр Жапаровду күнөөлөбөсө, анда ал сөз кайдан чыгып жатат?

- Бул боюнча Каптагаев менен сүйлөшкөндө, ал киши ошол учурдагы УКМК уюштурушу мүмкүн экенин айтып жатат. Анткени билесиңер, “Кумтөр” маселеси өтө орчундуу болуп, Саруулуктар кен чыккан аймакка кетчү жолду тосуп алышканын. Анан ошол учурдагы Ысык-Көлдүн губернатору Каптагаев дагы бийликке ыңгайсыз адам болуп турган. Мына ушул үч маселени бир чечиш үчүн УКМКнын андагы башчылары тарабынан ойлонулуп табылган иш. Мен дагы ушул ойго кошулам. Себеби, ошол окуялар болуп жаткан учурда Садыр Жапаров чет мамлекетте болгон. Анын телефон аркылуу кимдир бирөө менен байланышканын ушул күнгө чейин далилдеген жан боло элек. Анан мен жакында эле Эмилбек Саламатович менен дагы сүйлөштүм. Ошондо ал киши айтты, убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен президент жолукканда Садыр Жапаров тууралуу сөз болуптур. Анда Сооронбай Жээнбеков “мыйзамдуу каралганга шарт түзүп беребиз” дептир. Эгер андай мыйзамдуулук орун алса, Садыр Жапаров акталарына ишенемин.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83