www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АБАЙЛАҢЫЗ СҮРӨТ - Космосбек Чолпонбаев жада калса тыйыны жок бир адамды айыктыра албайт анан кантип министр?

Аман Аскаров 08-октябрь 2019, 10:26

Турмуш Коом


АБАЙЛАҢЫЗ СҮРӨТ - Космосбек Чолпонбаев жада калса тыйыны жок бир адамды айыктыра албайт анан кантип министр?

Кыргызстанда билим жана медициналык кызмат алуу акысыз көрсөтүлүшү керек. Бул мыйзамда жазылган. Бирок, реалдуу жашоого келгенде негедир баары тескерисинче. Өлкөдө медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн мамлекеттик кепилдиги боюнча дагы программа бар. Билим жана илим, медицина тармагы өтө өлө чырмалышып, коррупцияга батып кеткенин короодогу байланып турган күчүгүң деле билет.

Мындан мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев убагында “эми бейтаптар өзүлөрү акча берип жатышат” – деп кыйраткан сөзү бар! Кызык эле ээ? Албетте, бербесең өлтүрүп койгон атпайбы карабай! Айталы дегенибиз, ушул тапта №4-шаардык ооруканасында (Бишкек илимий-изилдөө борбору) 3-4 күндөн бери бир жаран 3-даражадагы күйүк менен жатат. Жанындагылардын айтымында байкуш жетим дагы экен. Дары-дармекке каражаты жок, медициналык кароодон өтпөй, келген күнү оролгон бинти менен онтоп жатат дешет жанында жаткан палаталаштары.

Урматтуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев! Деги сиз жөнөкөй адам эмессиз, дары-дармек менен алектенген ФАРМафиозная компанияңыз бар деп угабыз! Ушул бир жакындары жок балага дары-дармектен кызганасызбы? Бир жардам берип койсо болобу? Бул тууралуу Фейсбук баракчасына “Сестра Земли” аттуу колдонуучу дагы жазып чыкты. Текст расмий тилинде жазылган. Маани-маңызы өзгөрүп кетпеши үчүн эч өзгөртүүсүз беребиз!

-В 4 горбольнице лежит парень 26 лет , у него ожоги третий степени, он сирота и ему требуется помощь! Он там совсем один без помощный , врачи бездейсвуют ... ему за три дня не сделали перевязки, он мучается от боли и страдает т к нет средств чтоб оплатить лечение! Вчера мы собрали продукты и необходимые вещи , сегодня приехали и ужаснулись как к нему там относятся он никому не нужен ! Все неравнодушные кто может помочь едой бинтами мазями пожалуйста откликнитесь. Вот номер девушки которая ему помогает 0709005506

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83