Алтын Булат 08-октябрь 2019, 13:57
Миграция Борбордук Азия жаңылыктары Коом
Чет өлкөгө чыгып жаткан кыргыз жарандары тааныш-билиштердин берип жибергендерин ала кетүүдө сак болуусу керек! Тышкы иштер министрлигинин мындай билдирүүсү, кийинки кезде Дубайга тыюу салынган дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган кыргыз жарандарынын саны көбөйгөндүгү менен түшүндүрүлөт.
Анда айтылгандай, Бириккен Араб Эмираттарында тыюу салынган «Лирика» аттуу курамында баңги заттары бар, оору сезимдерди жоготуучу препаратты мыйзамсыз алып кирүү фактылары катталган.
Мындан улам, дипломаттар чет мамлекеттерге чыгып жаткандарга, ал өлкөнүн бажы эрежелери жана ички мыйзамдары менен терең таанышууну сунушташат. Эгер башка өлкөнүн аймагына алып кирүүгө мыйзам чегинде тыюу салынган кандайдыр бир буюмдар, заттар кыргыз жарандарынан табылса, жоопкерчилик ал жарандардын өздөрүнө жүктөлө турганын белгилешет.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!