www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11 жаштагы баланы аёсуз сабаган каракчылар кармалды

Аман Аскаров 08-октябрь 2019, 17:29

Турмуш Кылмыш жана кырсык Коом


11 жаштагы баланы аёсуз сабаган каракчылар кармалды

3-октябрь күнү түштүк магистраль менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде 20-25 жаштагы эки кыз жана эки эркек өспүрүм баланы коркутуп-үркүтүп, жакын жерде жайгашкан дүкөндөн арак сатып берүүсүн талап кылган. Бирок, өспүрүм бала макул болбогондугунан улам 4 зөөкүр аны жакын жайгашкан таштанды таштоочу жайга алып барып, ур-токмокко алышкан. Бычактын мизин көрсөтүп, башка, белге чапкылашкан. Качан гана көчөдөн бейтааныш адам үн салганда тиги төрт зөөкүр качып кетишкен.

Мына, ушундай маалымат бүгүн биздин NazarNews.kg маалымат сайтында жайгаштырылган. Көп өтпөй бул кылмышка шектүүлөр дагы кармалгандыгын Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты. Колго түшкөндөргө карата “каракчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Учурда кылмышка шектүүнүн экөөсү кармалгандыгы белгилүү. Алар 1999-жылы туулган Н.Д жана ошол эле жылы туулган С.Н. болуп чыкты

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83