www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Махамеру гүлү. Бул эмне болгон гүл?

Айдар Нуралиев 08-октябрь 2019, 16:25

Коом


Махамеру гүлү. Бул эмне болгон гүл?

“Бул Гималай тоолорунда өскөн Махамеру гүлү. Ал ар бир 400 жылда бир гүлдөйт, биздин муунга аны көрүүгө насип этиптир. Эми 2419-жылы гана гүлдөйт”. Мына ушундай билдирүү сизге да келсе керек же социалдык тармактардан окусаңыз керек. Чын эле гүл 400 жылда бир жолу гүлдөйбү? Бул эмне болгон гүл деп биз бул гүл тууралуу маалымат издеп көрдүк.

Бул гүлдүн аты биринчиден Махамеру деп аталбайт экен, ал протея, тактап айтканда артишоктуу протея деп аталат. Мындан сырткары, гигант протея, падыша протеясы, бал кумурасы деп да аталат экен.

Анан да бул гүлдүн мекени Гималай тоосу эмес, ал Африка материгиндеги Түштүк Африка Республикасынын аймагында өсөт. 1975-жылы артишоктуу протея Түштүк Африка Республикасынын улуттук гүлү деп аталган жана анын гүлү бул өлкөнүн гербин кооздоп турат.

Ошондой эле, артишоктуу протеянын көпчүлүгүнүн бийиктиги 1 метрден ашат. Бирок өскөн жерине карай бийиктиги 35 сантиметрден 2 метрге чейин жетиши мүмкүн. Гүлүнүн чоңдугунун диаметри 12-30 сантиметр. Уругунан өстүрүлгөн протея үчүнчү жылы гүлдөйт. Гүл ачуу мезгили апрелден августка чейин созулат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83