www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Педофилияга шектелип 34 жаштагы Токмок шаарынын тургуну кармалды

Айдар Нуралиев 08-октябрь 2019, 18:03

Кылмыш жана кырсык


Педофилияга шектелип 34 жаштагы Токмок шаарынын тургуну кармалды

Токмок шаарынын милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен биргеликте жашы жете элек кыздарга карата ыплас аракеттерди жасаганга шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Токмок ШИИБине 33 жаштагы аял арыз менен кайрылып, 7-октябрда түш ченде 30-35 жаштардагы белгисиз адам мас абалында анын 10 жаштагы кызына карата ыплас аракеттерди жасагандыгын билдирген.

Дал ушундай эле арыз, дал ушул күнү түшкөн. Анда 31 жаштагы аял милицияга кайрылып, анын 5 жаштагы кызына карата белгисиз адам ыплас аракеттерди жасагандыгын билдирген.

Бул фактылар Токмок ШИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ыплас аракеттер беренеси менен катталган. Тийиштүү чара көрүүнүн натыйжасында Токмок шаарынын милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен бирге бул кылмыштарга шектүүнү колго түшүрүшкөн. 34 жаштагы кылмышка шектүү Т.А. убактылуу кармаоочу жайга киргизилип, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83