www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Кытайдагы мусулмандарга кысым көрсөткөн компанияларга санкция киргизди

Аман Аскаров 09-октябрь 2019, 09:20

Турмуш Дүйнө жүзүндө Коом


АКШ Кытайдагы мусулмандарга кысым көрсөткөн компанияларга санкция киргизди

Америка Кытайдагы мусулман азчылыгына зордук-зомбулук көрсөтүп, укугун тебелегенге тиешеси бар делген Кытайдын бир катар мамлекеттик жана жеке менчик ишканаларына санкция киргизди.

Дүйнө коомчулугу буга чейин эле Кытайдын Синьзянь-Уйгур автономиясында мусулмандардын, алардын ичинде басымдуу бөлүгү уйгур, казак, кыргыз улутундагылардын укугу бузулуп, мажбурлоо иретинде атайын тарбиялоочу лагерлерден өтүп жаткандыктарын айтышып, коңгуроо кагып келген.

Айрым маалыматтарга караганда, андай лагерлерде учурда бир жарым миллионго жакын мусулман оор турмушка кабылып, ар кандай тарбиялоочу “сабактардан” өтүп келишет. Санкцияга кабылган компаниялардын басымдуу бөлүгү дал ушул Синьзянь-Уйгур автономиясында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн компаниялар жана алардын ар кандай уюмдары экендиги маалым болду.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83