www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эми айдоочулук күбөлүк аларда мурдагыдай бирөөнүн ордуна экзамен тапшырууга болбойт

Айдар Нуралиев 09-октябрь 2019, 11:01

Коом


Эми айдоочулук күбөлүк аларда мурдагыдай бирөөнүн ордуна экзамен тапшырууга болбойт

7-октябрда Лебединовка айылында «Унаа» мамлекеттик ишканасынын Бишкек шаардык айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн ачылышы болду.

Аталган мамлекеттик ишкананын директору Алымжан Козубаев:

«Өлкөдөгү санариптештирүү талаптарын ишке ашыруу максатында жаңы имаратты ачып отурабыз. Биздин кызмат акыркы компьютердик технология жана видео-камералар менен автоматташтырылган, информациялык системалар менен жабдылган. Айта кетчү нерсе, экзамен тапшыруу үчүн келген жарандын бетин камера тастыктабаса, ал киши экзамен тапшыра албайт. Мурда башка бирөөнүн ордуна экзамен тапшырган учурлар болсо, эми андай болбойт" - деди Алымжан Козубаев.

Андан сырткары,  бөлүм демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ачылганын, мурдагыдай элдер кезек күтүп турбай, ал үчүн 60 орундуу отургучтар орнотулганын жана экзамен тапшыруучу бөлмөгө 31 орундуу компьютер отургучу менен коюлганын кошумчалап өттү.

Каттоо жана транспорт каражаттарын кайра каттоо жөнүндө маселе боюнча: Бишкек шаары, Чокон Валиханов көчөсү, 2 дарегине кайрыласыздар.

Бардык суроолор боюнча байланыш телефону: (0312) 62-41-04

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83