www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бекназаровдун Атамбаевди үй камагына чыгаруу демилгесин колдойсузбу?

Айдар Нуралиев 09-октябрь 2019, 11:18

Саясат


Бекназаровдун Атамбаевди үй камагына чыгаруу демилгесин колдойсузбу?

Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбековдун Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен болгон жолугушуусунда Алмазбек Атамбаевди ТИЗОдон бошотуу тууралуу да маселе көтөрүлгөнүн билдирди.

Бекназаров Жээнбековго мурдагы президентти үй камагына коё берип, аны кайтарууга алынган “Ала-Арча” мамрезиденциясынын аймагына жайгаштырууну сунуштаган.

“Кыргыздарда эч качан өз башкаруучуларын соттошкон, камакка алышкан эмес. Биздин заманбап тарыхта начар окуя башталды. Мындан улам мен Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу сунуш киргизгем. Кантсе да ал
биздин мурунку президентибиз”,- деп билдирди Бекназаров.

Мурдагы башкы прокурор кошумчалагандай, бул сунушту Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү колдошкон эмес, ал эми Жээнбеков: “анда Атамбаевди кармоо боюнча оюм да жок болчу” деп билдирген.

“Президент белгилеп өткөндөй, тергөө органдары Атамбаев суракка келет деп күтүшкөн, ошондой эле Атамбаев Москвага учуп жатканда да тоскоол болушкан эмес. “Эми мен кийлигише албайм, тергөө менен сот чечишсин”, - деп жооп кайтарган “бульдозер” акеге президент.

Эгер чындап эле Атамбаев үй камагына чыгарыла турган болсо, анда бул аны сот жообунан куткарып калуунун алгачкы кадамы болуп саналат. Деги Бекназаровдун бул сунушуна Сиздин оюңуз кандай, урматтуу окурман?! - деп “Майдан. kg” гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83