www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бош турган идиш жетишпестикти чакырат

Айдар Нуралиев 09-октябрь 2019, 11:56

Саясат


Бош турган идиш жетишпестикти чакырат

Маани бербейбиз, же анчалык маанисин тереңдеп түшүнө албайбыз, кай бирибиз аны дегеле ырым кылбайбыз - сумка, куту, сандыкча, алтургай коробкаларды, банкаларды, чоң идиштерди куру эле бопбош жыйнап кое беребиз. Бардык бош жыйыналып турган нерсе жетишпестикти шартточу бир белги экенин эскертишет касиеттүүлөр.

Бир четинен алып карасаң, азыр техника өнүккөн заманда кийим же буюмду кой, сүт-айранды да мыкты идишке куюп, дагы күндөлүк турмушка керектегендей чыгарып койгондуктан көз кыйбай ыргытпай жыйнай бермей адат күттүк кожойкелер. Бош идиш көп.

Эми чекесинен иргеп, эмне бош турса байлык топтоого терс таасири болорун, кайсы ырым акчанын магнити экендигин айтып өтөлү. *Чоң сумка, бүктөлмө кофр, кийим, бут кийим салган көрктүү коробкалар ичиндегиси жок бош турса негативдүү энергия топтой берет, андыктан максаттуу пайдалануу керек, сумка менен кофрды бүктөп оозун төмөн каратып жыйнап коюңуз.

Атайын жолго чыкканга ыңгайлашкан сумка, спорттук сумка жана чемоданды кичинесин чоңуна салып жыйнактуу коюп, эң ичкисине аз болсо да кагаз купюра салып койгонду сунушташат. Анда бул акча магнит сыяктуу жагымдуу саякат, сапар болушун шарттайт. Эгер ар бирин өзүнчө эле коюп коюуга орун бар болсо ар бирине акча салып чыгыңыз.

Ашканадагы бош идиштерди да кичинесин чоңуна баткырып салуу кажет. Керектүүсүн гана калтырыңыз да, ашыгын муктаждарга кармата бергенден кем болбойсуз.

Ваза жана декордун предметтерин бош калтырбай, он сомдук монета менен ырымдаңыз.

Боштук болуп турган орун керебеттин алды эле... Бул мейкиндик ден соолуктун резонатору деп айтылат. Төрт бутунан башка эч нерсе полдо болбоого тийиш. Кай бирибиз көрүнбөйт деп дал ошол керебеттин алдына кийим-кечек, ашыкча оокатты баткырып коймой жайыбыз бар. Жетишпестиктин каары катуу болорун билген-сезгендер жөнөкөй ырымды мыйзамдай катуу сакташат, бирок, сыр кылып айта бербейт экен.

Булак: ШАМБАЛА


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83