www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул дагы парламентпи?

Аман Аскаров 09-октябрь 2019, 13:11

Коом Саясат


Ушул дагы парламентпи?

Биздин Жогорку Кеңеш, андагы эл өкүлү өңдөнгөн немелерди билесиңер да э? Баягычы, бири "бандит", экинчиси "чала спортик", үчүнчүсү "чала соодагер", төртүнчүсү "чала баш менен акылдуу", бешинчиси телефон чукулаган "механиктерди".

Мына парламентте  бүгүн жолдогу эрежелерди бузуу боюнча салынган айып пулдардын өлчөмүнүн кыскартылышы тууралуу маанилүү маселе каралып жатканда 120 депутаттын ичинен 30га жетпегени отурду. Бирок, эртең менен эле катталганда 103 депутат катталган. 30 депутат кворум болуп бере алабы? Айтып калабыз го, “ишиңди аткара албасаң, иштен кетип, башкаларга мүмкүнчүлүк бер” – деп. Ой спикер, вице-спикерлер, ишиңерди аткара албай жатасыңар го. Жада калса кворумду дайындай алалбайсыңар. Анан кабыл алган мыйзамыңар кантип өзү мыйзамдуу болот анан.? Албетте, юридикалык жактан, бири-биринердин кнопкаңарды басып коюп кворумду камсыздай бересиңер дечи, бирок моралдык жактан кантесиңер?

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83