www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажик сулуусу сынакка бикини менен чыгуудан баш тартты

Айдар Нуралиев 09-октябрь 2019, 13:18

Коом Дүйнө жүзүндө


Тажик сулуусу сынакка бикини менен чыгуудан баш тартты

Тажикстандык Сабрина Зухурова «Miss Tourism World» сынагынын бир нече турунан өтүп, алдыңкы бештикке кирген. Бирок сынакта бикини менен бийлөөдөн баш тарткандыгы үчүн калыстар анын 50 упайын кемиткен. Ага карабай ал алдыңкы ондуктун катарында кала алган.

«Бикини менен чыгуудан баш тарттым. Мага таажыдан мурун намыс менен сыймык кымбат. Сынак түз эфирде өтүп жаткан, «Мисс Тажикстан» дегенде, мен бикиничен чыгуудан баш тарттым, баары аябай таң калды. Бирок мен бул чечимим үчүн өкүнбөйм», -дейт тажик сулуусу.

Сабрина бикиничен бийлөө керектигин билбегендигин, андыктан улуттук бий бийлөөгө даярдаганын билдирген.

«Miss Tourism World» сынагы 20-августтан бери Кытайда өтүп жатат. Ага 90 өлкөнүн сулуулары катышууда. Сынактын финалдык бөлүгү 10-октябрда өтөт.

Сабрина бул сынакка кокусунан катышып калган, уюштуруучулар анын Инстаграммдан көрүп, чакыруу жиберишкен. 24 жаштагы Сабрина Тажикстандагы банктардын биринде иштейт.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83