www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бактыгүл Жапар кызы: “Министр Исаков менен тааныштыгым жок”

Айдар Нуралиев 09-октябрь 2019, 16:22

Коом Илим


Бактыгүл Жапар кызы: “Министр Исаков менен тааныштыгым жок”

NazarNews.kg маалымат агенттиги “Министр Каныбек Исаковдун жакыны 23 жашар мугалим “Билим берүү отличнигин” алды” деген аталышта макала чыгарган. Анда иштеп жатканына болгону 3 жыл болгон 23 жаштагы мугалим “Билим берүүнүн отличниги” наамын алганы боюнча жазылган эле.

Бул макала коомчулукта чоң талкуу жараткан. Билим берүү жана илим министрлиги болсо министр Каныбек Исаков менен мугалимдин эч кандай тууганчылык жайы жоктугун билдирген.

Сөз болуп жаткан Бактыгүл Жапар кызы да социалдык тармактагы баракчасына бул боюнча өз оюн жазды, төмөндө аны толук бермекчибиз:

"Урматтуу интернет айдыңындагы достор, кесиптештер, журналисттер!

Кечээ жакында эле болуп өткөн Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган республикалык салтанаттуу жыйында “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланганым боюнча интернеттеги талкуу тууралуу оюмду билдирип коёюн деп чечтим.
Мен, Жапар кызы Бактыгүл Ош шаарындагы № 50 П. Ж. Нышанов атындагы мектеп-гимназиясында география мугалими катары 3 жылдан бери эмгектенип келем. Бюджеттик негизде жогорку окуу жайын аяктагандыгыма байланыштуу келишим боюнча 3 жыл иштеп беришим керек жана андан кийин да педагогикалык ишмердүүлүгүмдү улантайын деген чоң максатым бар.
Мен мектепке келгенге чейин да жогорку окуу жайында кайсы бир деңгээлде ийгиликтерди жаратып, тийиштүү сыйлыктар берилип келген. Мектепке жаңыдан келген жылы Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн мугалимдердин диагностикалык аттестациясында өзүмүн предметим боюнча шаарыбызда алдыңкы орунду ээлеп, грамота менен сыйлангам. Муну менен катар өткөн жылы уюштурулган мугалимдердин сынагында баш байгенин ээси болуп, башкармалыгыбыздын Ардак грамотасы жана кубок менен сыйлангам. Мунун менен катар Ош шаарынын мэриясынын сыйлыгы, Ош шаардык Кенешинин, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары, Жогорку Кеңештин ыраазылык баракчасы менен да сыйлангам. Бирок ушул сыйлыктардын бирөөсүнө да өзүмдү сунуштап, тааныш салып, жүгүргөн эмесмин.
Фейк аккаунт же башка фейк маалымат булактары аркылуу интернетте жазылып аткандай жаңы дайындалган Билим берүү жана илим министри К. Исаков менен эч кандай тааныштыгым жок, болгону мен ал иштеп кеткен ОшМУда окуганмын. Ал менин "күнөөм" болбосо керек. К. Исаковду мен ректорубуз катары, ал эми учурда Билим берүү жана илим министри катары гана тааныйм. Сыйлыкты алууда жаштыгым тоскоол болсо, анда айла жок. А мен нормалдуу ойлонгон киши катары, өзүмдү бир да сыйлыкка сунуштаган эмесмин, сунушталып келемин, бардык сыйлык мен үчүн күтүүсүз болуп келген (аша чапсам кечирим сурайм, чындык ошол). Ишенимди мындан ары да актаганга бүт аракетимди жумшайм.
Негизгиси, баарын Кудай көрүп турат, кимдики чын, кимдики ырас...

Сиздерди терең урматтап, жаш мугалим Жапар кызы Бактыгүл".

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83