www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ФОТО - Мыктыны мыкты деш керек, Караколдогу жаңы жол

Аман Аскаров 09-октябрь 2019, 17:11

Турмуш Коом


ФОТО - Мыктыны мыкты деш керек, Караколдогу жаңы жол

Ысык-Көл облусунун борбор калаасы Караколдо 4 тилкелүү жол толук капиталдык ремонттон өтүп, ачылып турат. Чынын айтыш керек, ойлогондон дагы мыкты болуптур. Деги, Каракол шаары совет бийлиги учурундагы Пржевальск кезинде деле мындай асфальтты, жол чиймелерин көрбөсө керек. Эми шаар бийлиги  калаа ичиндеги жолдун баарын ушинтип салса дейсиң аттиң. Бүгүнкүсү дагы буюрсун.

Абдрахманов көчөсү совет доорунан бери эч кандай капиталдык ремонттон өткөн эмес. Быйыл 2019-жылы республикалык бюджеттен 33 миллион 553 мин сом акча каражаты бөлүнүп 0,67 км (673 метр) чарчы жол толук капиталдык ремонттон өтүп, колдонууга берилип турат. Эске салсак, аталган көчөнүн ондоп-түзөө иштери 22-июлда башталган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83