www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окумуштуу жаңы табылган митеге аялынын атын ыйгарды

Айдар Нуралиев 09-октябрь 2019, 17:16

Илим Дүйнө жүзүндө


Окумуштуу жаңы табылган митеге аялынын атын ыйгарды

Африка тропигинде жашаган ири мите курт-кумурсканын жаңы түрү табылды. Алар жумурткасын личинкалардын денесине ташташары белгилүү болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, финн окумуштуулары Африкада жашоочу митенин жаңы эки ири түрүн таап, изилдеп чыгышкан. Финляндиядагы Турку университетинин окумуштуусу Тапани Хопкинстин айтымында, табылган митенин бирине зебрага окшош болгону үчүн Epirhyssa quagga деп ат коюшкан. Экинчисине болсо Тапанинин Йоханна аттуу аялынын урматына Epirhyssa johanna деген ат коюлган.

Жаңы табылган курт-кумурсканын түрлөрү чоң аарыга окшош, бирок айырмасы – буларда аарыныкындай чага турган ийнеси жок.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83