www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тамашабы? Бирок тамашага таптакыр окшошпойт го

Айдар Нуралиев 09-октябрь 2019, 17:49

Кылмыш жана кырсык Коом


Тамашабы? Бирок тамашага таптакыр окшошпойт го

Балдар жазуучусу Алтын Капалова коомчулукта түрдүү талкуу жаратып жаткан ала качылган кыздын видеосу тамаша экенин айткан белгисиз кыздын видео кайрылуусун жарыялады. 

Ал видеодо белгисиз кыздын бул ала качуу жөн гана тамаша болгон деп айткандыгын көрүүгө болот.

Ал эми Алтын Капалова видеонун астына төмөнкүчө жазган: “Бул тамаша болчу деп айткан видео тарады. Кайдагы тамаша. Анда ал кыздын өзү кайда? Мен жөн гана ал кызды эсен-аман көргүм келет. Органдар, болду эми тапкыла. Же жакшы издебей жатасыңар, же кылмышкер менен кол алышып алып, чогуу бул тамаша болчу деген варианты ойлоп таптыңар. Бизге дени сак кыздын видеосун көрсөткүлө”, -деп жазды.

Эске салсак, социалдык тармактарда “Таласта 2003-жылы туулган кызды 84-жылы туулган жигит ала качып кетти” деген видео таркаган. Анда бул окуя 2019-жылдын 6-октябры болгон деп көрсөтүлүп турат.

Видеодон көшөгө артында бир кызга жоолук салууга аракет кылып жатышканын, ал кыздын чыңырып, колунан келишинче каршылык көрсөтүп жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле, күйөө баланын достору ырдап жатышат.

Бирок, бул видео качан, кайда тартылганы тууралуу азыркыга чейин маалымат жок. Милиция болсо бүт республика боюнча издеп жатышканын, бирок азыркыга чейин видеонун каармандарын таппай жатышканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83