www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Баткен милициясы жанын жей бербесе унаа силерде кала берет беле?

Аман Аскаров 10-октябрь 2019, 10:18

Турмуш Коом


ВИДЕО - Баткен милициясы жанын жей бербесе унаа силерде кала берет беле?

Бир-эки күндөн бери угуп деле, көрүп деле атасыңар да Атамбаевдин мурдагы жансакчысы, учурдагы ишкер Эркин Мамбеталиев Баткен милициясына автоунаа берсе, кийинчерээк облустук милиция “алган эмеспиз”- деп жанын жеп жатышкан.

Бир туруп  милицияга берилген эмес, бир туруп “тонировка үчүн” айыпка жыгылган -деп танып жатышпады беле. Мына эми буга чейин автоунааларды ыйгаруу салтанаттуу аземи сүрөт менен чектелип келсе эми анын видеосу! Эми тана албастыр Баткендин милициясы?

Же Эркин Мамбеталиев Баткенге барам деп анклавга кирип кетип, Ворухтагы тажиктин укук коргоо кызматына ыйгарып алганбы? Дейин десең видеодо ачкычты алгандар таптаза кыргызча сүйлөп эле, сүйүнүп жатышпайбы. Бет тырмагандын дагы чеги болуш керек да?.. Жада калса, Мамбеталиев видеодон деле сүйлөп жатат го, “жарнама кылбайын дедим эле, жогору жактагыларыңар болбой койду”-деп. Же Баткендик милиция “тонировка үчүн” кармалгандарды ушинтип “чай ичип кетиңиз?”- деп узатышабы?

Анысы дагы эч нерсе эмес, кийинчерээк бизге ишенимдүү булактардан белгилүү болгондой, коомдо өйдө-ылдый сөз болгондон кийин унааларды “все-таки” чек арачыларга берип коюшуптур. Ошон үчүн, башында эле Баткен милициясы “ооба, унаалар бизге белек катары берилди”- деп койсоңор, балким жол тандабастар силерде эле кала берет беле? 

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83