www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кекиртеги кернейдей кенен Кененбаев кененчиликти тарытып баратат

Темирлан Келдибеков 10-октябрь 2019, 13:04

Эл пикир


Кекиртеги кернейдей кенен Кененбаев кененчиликти тарытып баратат

Куда - сөөктөрдүн алдыңкы сабында, кимдир бирөөлөргө кайни болуп бараткан Алмаз Кененбаев деген президенттик аппараттын жетекчисинин орунбасары бар. Кененбаев бул мансапка келгени кыргыздар оңуп деле кеткен жок. Митаам Кененбаев СДПКга кирип, анын каймагын калпып жеп, Бишкек шаардык Кеңешинин СДПК фракциясын жетектеп калган. Анын Максим Бакиевдин кайын-журту жана Роза Отунбаеванын кудасы  Кененбаевдерге тиешеси барбы, жокпу белгисиз, бирок аккан суусу өйдө аккан Кененбаев Алмаз Алмаз Атамбаевдин көңүлүнө майдай жаккан.

Эми кимдир бирөөлөргө кайни боло калып Ак үйгө учуп келген. Ак үйгө келгенден баштап өзүнүн митаам оюндарын кайра баштады. Ал бийликке тоңкош атып жагынганы менен, кол алдындагылардын колтугуна суу бүркүп, мындан да чоң мансапка жутунуп жаткандай. Тилегени ишке ашсын, лекин, ал бул кызматта туруп эмне кылып кыйратып коюптур? Элди бири-бирине чабыштырып, азыркы бийликти төмөн жактагы элге жаман көргөзгөндөн башка эмне кылды? Ушундай жаш бюрократтарды жакын жолотпой, мейли кайни эмес, “майни” болсо да Ак үйгө жакындатпаш керек эле, болбосо ушуга окшогон кекиртеги кернейлер кененчиликти тарытып баратат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83