www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СҮРӨТ - Модел кызга ашыкпыз, бирок ага Айсулуудай көңүл бурбай калыппыз

Алтын Булат 10-октябрь 2019, 11:36

Эл пикир Коом Саясат


СҮРӨТ - Модел кызга ашыкпыз, бирок ага Айсулуудай көңүл бурбай калыппыз

Кыргызстандык модел кыз “кетем” деп коркутууда. Тагыраагы Сусанна Егорян аттуу кыргызстандык кыз, “Miss Asia World – 2019” эл аралык сулуулар сынагын жеңип келгенден кийин бийликке жана элге нааразы болгонун Инстаграмм баракчасына жазып чыкты.

Анда Сусана ачык эле өлкөнү башка өлкөлөргө тааныштырганын милдет кылган. Анын жазгандарын туура түшүнсөк, Кыргызстан биринчи жолу Дүйнөлүк сулуулар сынагын жеңди. Керек болсо аны чет өлкөнүн жаңылыктары кеп кылып жаткан учурда, өкмөт расмий кездешип же ага белек-бечкек бермек тургай, “рахмат” деп айтканга жараган эмес. Муну ал көпкө күткөн. Анан акыры өкмөт уялсын деген таризде минтип таарынычын жазганын билдирет.

Айтмакчы, Егорян өзү деле жакшы билет экен биздин өкмөт чыгармачыл адамдар менен эсептешпей турганын. Анан минтип анын “жакынкы убактарда жарандыгымды алмаштырууну ойлонуп жатам” дегенин биз жөн эле коркутуу же милдет кылуу катары кабыл алдык. Же ал Айсулуу Тыныбековага атаандашып жатабы деген да ой кетет экен?..

Белгилей кетсек, Сусанна Егорян көпчүлүккө, 2017-жылдары өткөрүлгөн World Next Top Model аттуу сынагынан кийин белгилүү болгон. Тагыраагы, анда, Кыргызстандык бул модель сынакта Армениянын лентасын тагынып чыгып алып, жердештеринин жемесинде калган болучу.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83