www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул өлкө жетекчилери жанды кайнатат да ушинтип

Аман Аскаров 10-октябрь 2019, 13:22

Турмуш Коом Экономика


Ушул өлкө жетекчилери жанды кайнатат да ушинтип

Бүгүн Бишкектеги инвестициялык көргөзмөнүн ачылышында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эмне деди дебейсиңерби? “Туризм келечекте Кыргызстандын негизги экономикалык тармагы болот" - деди.

Эч нерсе тааныш учураган жокпу? Ой ботом, быйыл өлкөбүздүн эгемендигине канча жыл болду? 28 жыл ээ. Мейли 7-8 жылды ары бери, эсибизге келгенче, шалактап жүрдүк дейли. Мейли дагы 3-4 жыл Баткен коогалаңынан араң айыгып, оюбузду жыйнадык дейли. Ошондо 17-18 жылдан бери эле “туризм, туризм” деп келатабыз го! Туризм Кыргызстандын экономикасынын флагманы деп. Ой бир сөздү кайталай бергенден деле тажайт го адам. Бирок 17-18 жылдан бери какшай берсе кадимкидей кыжырың келе баштайт экен. Же ал кезде премьер сыналгы, үналгы, гезит, интернет жок аймакта жашачу беле.

Туура, туризм чындыгында Кыргызстан үчүн потенциалдуу тармак. Бирок, кеп  бирин-бири кайра-кайра кайталай бербей, сөздөн ишке өткөн заман качан келет деген ой...  

Булак:NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83