www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ФОТО - Жогорку Кеңештин депутаты сулууга кат жазды

Аман Аскаров 10-октябрь 2019, 14:00

Турмуш Коом Маданият


ФОТО - Жогорку Кеңештин депутаты сулууга кат жазды

Жогорку Кенештин депутаты Марлен Маматалиев Сусанна Егоряндын инстаграмм баракчасына кат жөнөтүптүр. Анда ал Сусаннаны жарандыгын алмаштырбоону өтүнүп, эл аралык сулуулар конкурсунан биринчиликти жеңип алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип өтүптүр.

Белгилей кетсек Сусанна Егорян ага чейин өзүнүн инстаграмм баракчасына ачык эле өлкөнү башка өлкөлөргө тааныштырганын милдет кылган. Анын жазгандарын туура түшүнсөк, Кыргызстан биринчи жолу Дүйнөлүк сулуулар сынагын жеңди. Керек болсо аны чет өлкөнүн жаңылыктары кеп кылып жаткан учурда, өкмөт расмий кездешип же ага белек-бечкек бермек тургай, “рахмат” деп айтканга жараган эмес. Муну ал көпкө күткөн. Анан акыры өкмөт уялсын деген таризде минтип таарынычын жазганын билдирет.

Ал эми эл өкүлүбүз ага чындап боор ооруганбы же башка үмүт менен жазганбы өзүнөн башка ким билсин ...Негизгиси, кыз үчүн, анын үстүнө сулуу кыз үчүн жөн эле көңүл да...

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83