www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөт! Унаалар боюнча бажы төлөм кайра каралбаса, жазга жетпейсиңер! Россиянын "хламы" кереги жок

Аман Аскаров 10-октябрь 2019, 15:55

Турмуш Коом Экономика


Өкмөт! Унаалар боюнча бажы төлөм кайра каралбаса, жазга жетпейсиңер! Россиянын "хламы" кереги жок

Жаңы жылдан тартып чет элден киргизилген унаалар үчүн бажы төлөм он эсеге кымбаттайт деп жатышат. Чет өлкөдөн башка бизде өзүбүздүн машина куруу өндүрүшүбүз бар беле? Бардыгыбыз импортко муктаж эмеспизби. Импортко, болгондо дагы бардыгы сапаттуу, арзан унаага муктаж. Ошондой сапат, ошондой баа менен бизди Россиянын “таштанды унаалары” камсыз кылабы?

Өкмөт эмнеге ушунун үстүнөн иштеген жок? Же өкмөт аралда жашайбы? Континенталдык Кыргызстанда социалдык-экономикалык абал кандай экендиги тууралуу маалыматы жокпу? Болбосо маалымат берип коелу! Ар бир эле Кыргызстандык депутат-ууру, өкмөт-ууру, чиновник-ууру, МСУ-уурулар эмес, жөнөкөй адамдар дагы бар. Алар эмне 20-30 миң долларга унаа ала алышат дейсиңерби?

Бажы биримдигине тыккан Темир Сариев менен Олег Панкратов, бажы биримдиги боюнча алардын ишин уланткан Мухаммедкалый Абылгазиев менен Санжарбек Муканбетов! Бул маселенин жолун издештирбесеңер, айтты койду дебегиле, жазга жетпей эл шыпырчуларды шыпырат...

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83