www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алга Кылычевдин жакындары: "Акчаны Алга эмес, Мээрбек алган"

Аман Аскаров 10-октябрь 2019, 14:33

Турмуш Кылмыш жана кырсык Коом


Алга Кылычевдин жакындары: "Акчаны Алга эмес, Мээрбек алган"

Алга Кылычевди баарыңар эле жакшы таанып калдыңар. Кундуз Жолдубаева, Асель Кодурановалардын суракка чакырылышына дал ошол адамдын көрсөтмөлөрү себеп болду.

Ал абактан тергөө менен кызматташа тургандыгы тууралуу макулдашууга келген. Алмазбек Атамбаев жана КСДПнын дагы бир далай “лөктөрүнө” каршы көрсөтмө берип жатат деген маалымат бар. Ошондон улам бул адамдын жакындары анын мындай кадамын түшүндүрүү максатында өз ой-пикирлерин билдирүүнүн туура көргөн. Төмөндө алардын билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз:

- Алга Кылычев ак көңүл, жакшы жигит болчу. Кимге убада берип койсо аны аткарып, аягына чыккысы келчү. Атамбаев менен жакшы мамиледе болгон. Ал акыркы убакта чакырып алып, "мен сага көп жакшылык кылдым, адам кылдым, эми мени менен аягына чейин болосуңбу" деп мажбурлай берди. Атамбаевдин жанында жүрүп көп акча алды деген дагы жалган кеп. Акчанын баарын Мээрбек Мискенбаев деген алган. Алга эч кандай жаман иштерге аралашкан эмес. Атамбаев эркине койбой сөгүп-сагып, бир кезде кылган жакшылыгын кайра-кайра айтып тажатып жатканын сөз кылган. Өзү кант диабети менен ооруйт. Мындан ары ага саясат эмес, ден соолугу керек. Атамбаев көп адамдын убалына калды, тынч отурбай, -дейт А.Кылычевдин туугандары.

Кылычевдин туугандары Мискенбаев алган деп айткан акча тууралуу эмне болгон акча жана ал анын канча экендигин толуктап коюшса жакшы болмок экен.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83