www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министрлиги: “Бейтап ооруканадан улам качып кетип жатат”

Айдар Нуралиев 10-октябрь 2019, 15:14

Коом Ден-соолук


Саламаттыкты сактоо министрлиги: “Бейтап ооруканадан улам качып кетип жатат”

"NazarNews.kg" сайтына ушул жылдын 8-октябрында «АБАЙЛАҢЫЗ СҮРӨТ - Космосбек Чолпонбаев жада калса тыйыны жок бир адамды айыктыра албайт анан кантип министр?» деген аталыштагы маалымат жарыяланган болчу.

Анда Бишкек шаарындагы №4 ооруканада жаткан оорулуу тууралуу сөз болгон. Аталган ооруканада 3-даражадагы күйүк менен дарыланып жаткан 26 жаштагы жигитти дарыгерлер карабай жатканы айтылган. “Сестра Земли” аттуу Фейсбук колдонуучусунун билдиришинче, акчасы жок болгондуктан дарыгерлер карабай, бейтапка 3 күндөн бери дары сүйкөлүп, таңылган эмес. Ошондуктан ал оорутуудан кыйналып жатканы айтылган.

Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги жооп кылып, төмөнкүлөрдү билдирди:

“2019-жылдын 8-октябрында “Назарньюс” сайтына чыккан «АБАЙЛАҢЫЗ СҮРӨТ - Космосбек Чолпонбаев жада калса тыйыны жок бир адамды айыктыра албайт анан кантип министр?» деген аталыштагы маалыматка Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкүдөй жооп берет:

26 жаштагы А.Б. аттуу бейтап биринчи жолу 7-сентябрда Бишкек шаарынын Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна Бишкек шаарынын “Тез жардам” кызматы аркылуу түшкөн. Диагнозу: 1,2,3-даражадагы күйүк (төшү, эки колу күйгөн). Саат 04:06да Бишкектин Чүй-Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинен алынып келинген.

Бейтап күйүк бөлүмүнө жаткызылып, керектүү дарылануу алып жаткан. 2019-жылдын 14-сентябрында бейтап оорукананын тартибин бузган себептүү ооруканадан чыгарылган (самовольный уход из стационара без ведома лечащих врачей). Экинчи жолу кайра эле “Тез жардам” кызматы аркылуу 18-сентябрда келип түшкөн, бирок, кайра качып кетип, 20-сентябрда дагы келип түшкөн. Бейтап наркология борборунда каттоодо турат, метадон терапиясын алат, айтымында жакын туугандары жок.

Ооруканадан  улам качып кете бергенинен улам операциясынын экинчи этабы да кечеңдеп, жакынкы күндөрү жасалуусу күтүлүүдө.   Бейтап оорукананын режимин бузуп, медициналык кызматкерлерге орой мамиле жасап, коркутууда.

Ал эми бейтапка тыштан адамдардын кирүүсүнө тыюу салынуусунун себеби, оорулуунун достору ага жаман таасир этип жаткандыгы себеп болууда.

Бейтапка толук кандуу стационардык жардам көрсөтүлүүдө, бардык дары-дармек менен камсыздалып жатат.

Дарыгерлер бекер карабай жатат, акча чогултуш керек деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Жарыяны жазган Зарина атуу айым менен дагы оорукананын жетекчилиги суйлөшүп, түшүнбөстүк болгону тастыкталды.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83