www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Базардагы чыр-чатактан кийин мигранттар катуу текшерилип жатат

Айдар Нуралиев 10-октябрь 2019, 15:44

Коом Дүйнө жүзүндө


Базардагы чыр-чатактан кийин мигранттар катуу текшерилип жатат

Новосибирск шаарынын базарларына болгон рейдден кийин бир нече мигрант атайын приемникке киргизилди.  Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, 7-октябрда шаардын Хилок базарында массалык мушташ, атышуу болгондон кийин полиция базарларды текшере баштаган. Полиция менен кошо рейдге Росгвардиянын атайын бөлүмдөрү да кошо чыккан.

ИИМдин Новосибирск облусу боюнча Башкы башкармалыгын маалыматы боюнча, жалпысынан 195 чет өлкөлүк текшерилип, анын 30у полиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Тогуз кишиге Орусиянын аймагында жүрүү режимин бузгандыгы боюнча административдик иш козголсо, 11 чет өлкөлүк  атайын приемникке киргизилген. Учурда аларды депортация кылуу боюнча материалдар чогултулуп жатат.

Ал эми соттук приставдар кызматынын маалыматына караганда, өткөн суткада 15 адамды депортация кылуу боюнча чечим аткарылган. Булар Орусияда иштеп жүргөн Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83