www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр болуп, "настроениелери байпакка" түшкөндөр көбөйдү

Аман Аскаров 10-октябрь 2019, 18:00

Турмуш Коом Саясат


Мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр болуп, "настроениелери байпакка" түшкөндөр көбөйдү

Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Буга чейин вице-мэрлик кызматты аркалаган Рыспек Сарпашевди билсеңер керек. Мурун “Тазалык” ишканасын жетектеген. Эми аны кайсыл жакка ротация кылды дебейсиңерби? Эч качан таппайсыңар! Бир жылдан ашык вице-мэр кылып туруп, кайра эле өзүнүн көнгөн “Тазалык” ишканасына “айдашты”.

Ал эми «Бишкекасфальтсервис» бар эмеспи, анын жетекчиси Мирлан Амантуров эле, ал Бишкектин, жаңы конуштардын жолдорунун баарын асфальттап, бетондоп салгансып турак-жай коммуналдык маселелер боюнча вице-мэр болуп келди. Ии, баса “Тазалыктын” мурдагы шефи эмне болду деп сурасаңар! Ал “Тазалыктын” директорунун орун басары болуп, “настроениеси байпакта” болуп отурат азыр. Шефиники деле ошол да, ал деле вице-мэрликке жетип, анан кайра эле келсе...

Мунун баарын мэрия 2020-жылы жаңы парктардын, тротуарлардын жана веложолдун курулушу менен түшүндүрдү.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83