www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков Ашхабадка КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн учуп кетти

Айдар Нуралиев 11-октябрь 2019, 07:42

Расмий кабарлар


Сооронбай Жээнбеков Ашхабадка КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн учуп кетти.

КМШ МБК кезектеги жыйынында Шериктештиктин алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде КМШга катышкан мамлекеттердин Стратегиялык экономикалык кызматташуу Декларациясынын долбоору талкууланат.

Ошондой эле КМШ МБК жыйынына катышуунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулардын өтүшү күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Президенттин Аппараттынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси — Кыргыз Республикасынын КМШнын уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмек Ибраимов.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83