www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батукаев боюнча соттун алгачкы отуруму болот

Айдар Нуралиев 11-октябрь 2019, 10:26

Кылмыш жана кырсык


Батукаев боюнча соттун алгачкы отуруму болот

Бүгүн 11-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу алгачкы соттук отурум болот.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев “Азаттыкка” билдиргендей, талап боюнча, сот залына соттолуучулардын баарын алып келиши керек.

Атамбаевге бул кылмыш ишинин алкагында «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Андан тышкары мурдагы башкы прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаевага, экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановго, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиевге, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге жана бир катар дарыгерлерге айып коюлган.

Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматовго «Көз көрүнөө калыс эмес өкүм же башка сот актысын чыгаруу» жана «Коррупция» беренелери менен айып коюлуп, кызматтан алынган.

Эске салсак, кримтөбөл 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83