www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Абдыкаров Атабеков менен ырдайт, кызматкерлер "бастырат", учактар эс алат...

Аман Аскаров 11-октябрь 2019, 10:55

Турмуш Коом Саясат


ВИДЕО - Абдыкаров Атабеков менен ырдайт, кызматкерлер "бастырат", учактар эс алат...

Эки-үч күндөн бери Бишкек-Ош-Бишкек авиакаттамы учпай, жүздөгөн адам зарыл иштеринен калып, буттарын коерго жер таппай жүрүшөт.

Ал учурда Аэропорт “Манастын” жетекчилери эмне кылып жүрөт дебейсизби? Тойлоп, чучук, казы-карта жеп, вино, арактан “бастырып” жүрүшөт.

Эч тамашасы жок. 7-октябрь жарандык авиация күнү толгон-токой авиажүргүнчүлөр Ошко же Бишкекке жеталбай жүргөндө, аэропорттун жетекчилери тойканада тимеле танцага түшүштү. Корпоративге учурдагы эстраданын жылдызы болгон Мирбек Атабеков дагы чыгып ырдап берди. Ага кошулуп ким ырдады билесизби? Айтмайынча таппайсыз! ИИМдин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаров. Ал кайдан-жайдан ал жерге барып калган десеңиздер, ал азыр аэропорт “Манастын” авиациялык коопсуздук дирекциясынын жетекчиси экен. Вот так вот!

Кызык ээ. Кечээ эле аны сыйпалап таппай калдык эле. Каякта жүрөт болду экен деп, себеби ага суроолор көп эле. Ошол эле Кыргызстанга Россиядан уурдалып келген унааларга байланышы, ИИМ министри Кашкар Жунушалиевге кабарлабай туруп чет-өлкөгө чыгып кеткени... Анан  эле “хоп!”, эбак жылуу жумшак орунга отуруп калыптыр. Жомок эмей эле эмне анан жашоо?

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83