www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Ууруларды эл өздөрү эле жазалап салышты

Айдар Нуралиев 11-октябрь 2019, 11:33

Коом Кылмыш жана кырсык Борбордук Азия жаңылыктары


ВИДЕО - Ууруларды эл өздөрү эле жазалап салышты

Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Дангара районунда ууруларды кармап алган жергиликтүү тургундар, аларды катуу сабап салышты. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, бул окуя Дангара районунун айылдарынын биринде болгон. Үйүнө кирген ууруларды байкап калган үй ээси чуу чыгарган. Уурулар акчаны төшөккө ороп качып кетишкен. Эл чогулуп, уурулардын артынан кубалап жөнөшкөн. Ууруларды кармап алган көпчүлүк аларды ошол эле жерден жазалап башташкан.  

Видеодон көпчүлүк эл эки адамды арканга байлап алып сүйрөп жүрүшкөнүн, сабап жатышканын көрүүгө болот.

Уурулардын кийинки тагдыры тууралуу маалымат жок. Милиция уурулукка шектүүлөр кармалганын билдирген менен ууруларды сабагандарга карата кандай чара көрүлөрү азырынча белгисиз.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83