www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алга Кылычев СИЗОдон убактылуу кармоочу жайга которулду. Мурунку тарапташтарын саткан үчүнбү?

Айдар Нуралиев 11-октябрь 2019, 12:52

Саясат


Алга Кылычев СИЗОдон убактылуу кармоочу жайга которулду. Мурунку тарапташтарын саткан үчүнбү?

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычев СИЗО-1ден убактылуу кармоочу жайга которулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечимди сот чыгарган. Кылычев СИЗОдо аз гана күн отурган.

Эске салсак, Атамбаевдин жакын адамдарынан болгон Алга Кылычев 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларына байланыштуу кармалган. Жакындан бери анын мурунку тарапташтарын чекеден сатып жатканы айтылган. Атамбаевдин тарапташтарынын адвокатынын айтымында, Кылычев тергөө менен "макулдашуу" түзүшү мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83