www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Женгонун” оң колу “Казак” кармалды

Айдар Нуралиев 11-октябрь 2019, 14:10

Кылмыш жана кырсык Коом


“Женгонун” оң колу “Казак” кармалды

Кылмыш чөйрөсүндө «Казак» каймана аты менен белгилүү М.У дагы кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы тарабынан мурда бир нече жолу соттолгон, Өзгөн районунда туулган, учурда Ош шаарында жашаган 1981-жылы туулган М.У. (мурдагы аты Эрнис Казаков) кармалды. Ал 9-октябрь күнү Ош шаарынын «Скай-бар» түнкү эс алуу борборунда 1996-жылы туулган Ош шаарынын тургуну менен сөз талаша кетип, миздүү нерсе менен желкесине жана оң каруусуна сайын, изин жашырып кеткен. Кылмышка шектүү М.У. 10-октябрь күнү милиция тарабынан кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинген. Жазык процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, аны 48 саатка кармоо чечими чыгарылган.

Бирок, сурак учурунда өзүн начар сезгендигине байланыштуу адвокаты тарабынан «Тез жардам» чакырылып, Ош шаарындагы ооруканалардын бирине жаткырылды. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү кайтарууга алынды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы кимде ким ушул «Казак» каймана аты бар, ИИМдин атайын тизмесинде «уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү» катары турган М.У. тарабынан жабыр тарткан болсо, 03222-2-46-78 телефон номери аркылуу кайрылууну суранат.

Ошондой эле, “Казактын” милицияда кармалып тургандагы видео социалдык тармактарга тарап кетти. Анда “Казак” ыйлап, кимдир бирөөлөрдү оозго алгыс сөздөр менен сөгүп жатат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83