www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия күрддөргө каршы согушту улантууда

Темирлан Келдибеков 11-октябрь 2019, 14:15

Коом


Түркия күрддөргө каршы согушту улантууда

Түркия Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы чабуул баштаган. Бир катар мамлекеттер Анкаранын бул кадамын айыптап жатышат.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк аскерлеринин Сириянын түндүгүндөгү жортуулу тууралуу Европа Биримдигинин жана араб өлкөлөрүнүн дооматына жооп кайтарды. Эрдоган телекайрылуусунда эгер алар Анкаранын күрддөргө каршы чабуулун «мыйзамсыз бастырып кирүү» деп расмий тааный турган болсо Европа Биримдигиндеги өлкөлөр менен чек арасын ачып саларын, 3 миллиондон ашык сириялык качкындын агымын токтотпой коёрун эскертти. АКШнын Сенатында Анкараны жазалоо тууралуу демилге көтөрүлдү.

Түркия Күрддөрдүн элдик кошуунун (YPG) чек ара аймагынан сүрүп чыгаруу долбоорун көп жылдан бери ачык айтып келүүдө. Анкара YPG тобун Күрд жумушчулар партиясынын (PKK) бир бөлүгү катары санайт. PKK Түркия аймагында автономия үчүн отуз жыл күрөшкөн. Анкара бул топту террордук уюмдардын катарына киргизген.

YPG Сириянын демократиялык күчтөрү менен бирге өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топко каршы натыйжалуу күрөштү. АКШнын колдоосу менен аймактан экстремисттерди сүрүп чыгарды. Сириядагы күрддөр Сириянын түндүгүндө негизги оюнчуга айланганы талашсыз. Келечекте күрддөр Сирияда автоном аймак түзүүнү көздөп турганын дагы эч жашырган эмес.

Ал Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы чабуулду «террорчулукка каршы күрөш» деп атады. Анын сөзүнө караганда, жортуул башталгандан тартып күрд куралдуу күчтөрүнүн 100дөн ашык жоочусу өлтүрүлдү. Анкара аларды террордук топ деп эсептейт.

Түрк аскер жетекчилери жердеги операциялар күчөгөнүн, абадан 180ден ашык чабуул коюлганын жана анын негизинде ондон ашык айыл-кыштакты ээлеп алышканын маалымдаган. Күрд аскерлеринин командачылыгы жоготууга учурап жатканын ырастады жана өлгөндөр арасында жайкын тургундар да бар экенин билдирди. Жагдайга байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңеши 10-октябрда чукул жыйынга чогулганы жатат.

АКШ президенти Трамп Түркия Сириянын түндүгүндө "чектен чыгып кетсе", өлкөнүн экономикасын талкалайм деп эскертти. Америка дүйшөмбү күнү Сириянын түндүк-чыгышындагы аскерлерин чыгара баштаган. Аймакта АКШнын миңден ашуун аскери жайгашкан эле. Бул кадамдан кийин Түркия жакын арада аскердик операциясы башталарын жар салды. Талдоочулар президент Трамп Пентагондун кеңешин эске албай, АКШнын Сириядагы саясатын өзгөрттү деп айтууда. Андан тышкары аскердик операциядан кийин аймактагы экстремисттик топтор кайрадан күч алат деген эскертүүлөр дагы бар.

Ал эми өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топко каршы АКШ менен чогуу күрөшкөн күрд кошуундары Вашингтон макулдашылган милдеттерин аткарган жок, "далыга бычак сайды" деп билдирди. Америкалык аскерлер Сириядан чыгып кетсе, Түркия күрддөргө согуш ачабы? Анкара болсо бир нече жолу АКШны террордук топту колдоп жатканы үчүн айыптаган. Ошондой эле түрк аскерлери эки жолу чек арадан өтүп барып, Сириянын территориясында аскердик операция өткөргөн.

2018-жылы Түркия күрд куралчандар көзөмөлдөгөн Сириянын батышындагы Африн шаарына кирип келип, ондогондор каза тапкан. Миңдеген күрддөр аргасыз жер которгон. Өткөн жыл аягында президент Трамп АКШ Сириядагы аскерлерин чыгарып кетет деп жар салганда, Американын өнөктөштөрү күрд куралчандардын тагдырына тынчсызданып турганын билдиришкен. Дональд Трамп өз кезегинде Түркия күрддөргө каршы операциясын баштаса, өлкөнүн экономикасын "талкалайм" деп эскерткен. АКШ лидери чечимин кайтарганы менен Түркиянын президенти Эрдоган "коопсуз тилке" түзүү идеясын улам-улам айтып келди.

"Коопсуз тилке" 480 чакырым чек ара аймагында түзүлөт жана бул жерде 2 миллионго чукул сириялык качкындар жашайт. Сириядагы күрддөрдү АКШ калкалап келди. Бирок америкалык аскерлер аймактан чыгып кеткенден кийин, Түркия менен күрддөр ортосунда узакка созулган согуш башталышы мүмкүн дейт талдоочулар.

Анын партиялаштары дагы бул кадамга нааразы болуп жатат. Конгресстеги Республика партиясынын өкүлү Митч МакКоннелл бул - "Орусия, Иран жана Ассад үчүн гана жагымдуу жаңылык" экенин айтты.

Америкалык саясатчылар экстремисттик топту бирге жеңип, эми күрддөрдү "өлүмгө" таштап кеткен чоң ката экенин айтышууда. Бириккен Улуттар Уюму болсо гуманитардык кризис болушу мүмкүн экенин эскертип, Түркиядан аскердик операциясы боюнча маалымат талап кылды.

Дональд Трамптын Сирия боюнча билдирүүлөрү, Пентагон менен Мамлекеттик департаменттин кайрылууларынан бир кыйла айырмаланат. Президент Трамп Сириядагы америкалык аскерлер чыгарылат деп жарыялаганын, талдоочулар Түркия аскердик операциясын баштоого мүмкүнчүлүк алды деп түшүндү. Пентагон болсо аз сандагы аскерлер гана айрым аймактардан чыгарылганын, АКШ Түркиянын аскердик операциясына каршы экенин билдирди. Түркия болсо Сириянын түндүгүндөгү күрддөргө эмес, террордук топ деп саналган Күрддөрдүн элдик кошууну менен Күрд жумушчулар партиясына каршы күрөш жүргүзүп жатканын айтууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83