Айдар Нуралиев 11-октябрь 2019, 14:39
Укук коргоо органдарынын тузагына илинген «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Талант Абдуллаев абийирине чыдай албай «жарылып», Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикова менен бирге мыйзамсыз иштерди жасаганын шурудай кылып тизип берди.
Социалдык түйүндөрдө тараган тасмада таамай көрсөтүлгөндөй, Абдуллаев электрондук паспортко бланктарды алып келүү боюнча тендерде литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын өкүлдөрүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн 20 миң доллар алганын билдирген.
Мыйзамсыз кадамга барууга Шаикова мажбурлаганын айтып, пара катары алынуучу акча анын иш бөлмөсүнөн сүйлөшүлгөнүн шардана кылды. Эсиңиздерде болсо керек, биз тээ башынан эле Шаикованын алкымы бузук экенин тынбай айтып келгенбиз. Бул тууралуу "Де-Факто" гезити жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!