www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акча үчүн элин да, жерин да сатып ийүүгө даяр депутаттарга Омар Хайямдын айткандары

Темирлан Келдибеков 11-октябрь 2019, 15:23

Эл пикир


Акча үчүн элин да, жерин да сатып ийүүгө даяр депутаттарга Омар Хайямдын айткандары

Оо, депутат! Адам жыргар үзүмүн,

Ач көздөргө  барын берип бүтүрдүң.

Калктын көбү үзүм нанга кор болсо,

Калыстыкка анда жаба түкүрдүм.

 

Мергенчилер ууга капкан салгандай,

Ал капканга өзү түшүп калгандай.

Революция алып келген ЖКда

Түлкү жүрөт, чөөлөр жүрөт ар кандай.

 

Эл-журтту акча менен алдап эшек,

Тамакты ресторанда тандап жешет.

Эшекче сүйлөшпөсө алар менен,

Колумда турат менин мандат дешет.

 

Депутаттар парламентте ардактуу

Абайлап бир карап көрчү жан- жакты.

Элди ойлобой миллиондорду жегендер,

Ээлеп алган мына бүгүн камакты.

 

Мейли жүз жыл, мейли миң жыл жашагын,

Бил денеңди кумурскалар татарын.

Ажо болгун, ажы болгун бары бир,

Ажал үчүн бирдей сенин катарың.

 

Таң кылаяр үрүл-бүрүл агарар,

Балп сугунуп, эгер келсе чамаңар.

Байкагыла эл-журт чыкса каарданып,

Байлыгыңар Кой-Таш өңдүү таланаар.

 

Элден бөтөн кекирейип басканың

Эл жегенди, сугунганды таштагын.

Ушул жерде алты жылы элди жеп,

Уктуң беле Алешанын жатканын?

 

Ач көздүккө парламенттен батасың,

Элди ойлобой, элди соруп жатасың.

Кубаланып СИЗО жакка кирген соң

Кучактап жер турмуш даамын татасың.

 

Буюрган  депутатка урмат, атак,

Таарынба тагдыр сени кылса мазак.

ЖКда элди соруп сый көргүчө,

Жыргап өт өз үйүңдө чабал жашап.

 

Ай жадатты, парламентте немелер,

Тыйып коёр эч кими жок, жемелээр.

Элди унутту, талашышып мансапты,

Мансап алса эми аларга бере бер.

 

Мыйзамдарды жазып жүрөт көптөрү,

Кантип жазат? Түшүнүшпөй өздөрү.

Президентти көрө калса заматта,

Өзгөрүлүп жалтаң карайт көздөрү.

 

Ак үй эмес,үйүбүз бар жашаарга,

Эй, депутат сугунмаксың качанга?

Көзгө сайып айтсак эми чындыкты,

Элди соруп, сенин сөзүң жасалма.

 

Эй, депутат, аныңды элден жашырба.

Акча көрсөң жүгүнгөнгө шашылба.

Миллиондорду соро берсе токтолбой,

Эртең эле СИЗО түшөт башыа.

 

Бүт адамдар жакын,алыс жердеген,

Аралашып жүрө берет эл менен.

Сен депутат элден башка бөлүнүп,

Шайлоо бүтсө эл алдына келбеген.

 

Эй, депутат ичип-жеген ашынган,

Сенин ашың ашып түшөөр ашымдан.

Мен гонорар, сен эл канын соросуң,

Ким кан ичкич, айтчы болбос жашырган?

 

Сен сайранда казнаны жеп мынчалык,

Эл жашасын жардылыкта муңканып.

Байка,байка, тагдырыңа ишенбе,

Алса жаман кырсыгына бир чалып.

 

Эй, депутат иштебейсиң бекерге,

Жеп ичерсиң калып далай кептерге.

Эли үчүн сарп кылсаңчы байлыкты,

Жыпжылаңач  кетээриң чын кетээрде.

 

Депутат куу чиренге эмне жетпейт,

Отурса, турса дагы жесек дешет.

Андайлар колунда жок адамдарды,

Эгерим киши ордунда эсептешпейт.

 

Күп-күп сүйлөп дөөлөтүнө чиренген,

Көңдөй челек эшектерди билем мен. 

Мансап десе жата калып чөгөлөп,

Бут кучактап өксүп ыйлап жиберген.

 

ЖКда калыстык жок болсо, кайда

Ар дайым депутаттар издейт пайда.

Айлыгын мугалимдин алышсынчы,

Жетпеген оокат ашка айдан айга.

 

Кошомат кылбайм бирок сен сыяктуу,

Эй, депутат,башкаларга пейлим жакшы.

Пастарга тизе бүгүп ийилгиче,

Күн көрөм кыргыз элге ийип башты.

 

Азыр жакшы көйнөгүңдүн бүтүнү,

Андан жакшы, болсо нандын үзүмү.

Өмүр деген мансаптан да жогору,

Калганына керек жаба түкүрүү.

 

Чебер уста идиш оюп кынаптап,

Жасабайт го сындырсын деп бир акмак.

Оо, депутат мансап деген сен үчүн,

Оңой экен Башмыйзамды кулатмак.

 

Жалагыча бирөөлөрдүн таманын,

Оо, депутат, эки жакты карагын.

Оңолоор деп эми пейли эл үчүн,

Оңдоп жаздым Омор Хайям саламын!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83