www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шыпыргы эмес эле күрөкпү?

Айдар Нуралиев 11-октябрь 2019, 15:52

Саясат


Шыпыргы эмес эле күрөкпү?

«Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат» деген кепти тана албайбыз. Бирок кийинки убакта шыпырмак турсун күрөктөп ийгендер чыгууда.

Кыргызда «көрбөгөндүн көргөнү курусун» деген кеп бар. Аларды да түшүнсө болот. Мурда-кийин жетекчи болуп көрүптүрбү?

Дегеним, «Электр станциялар» башкармалыгын жетекчиси Таалайбек Толубаев жетекчи болуп келээри менен өз кадрларын кызматтан көтөрүү менен алек болуп атыптыр. Албетте, куру аякка бата жүрмөк беле?

Алчусун алып, анан ылайыктап атат да. Жок дегенде бир жыл байкап, анан кадрдык өзгөртүүгө киришсе боло. Арийне жаңы шыпыргынын айынан анык адистер да четке сүрүлүп калышы ажеп эмес да. Мындай кырдаалда илибой тешикке кирип кетүүчүлөрдүн гана күнү тууй турганы бештен белгилүү иш. Келе калып эле чалгыча чаап, иштен четтетүү болмок беле?

Кичине убакыт өткөрүп, анан ишти жөндөй албай жаткандарды «көрөгөч» көзүңүз чалса, кызматтан четтетип баштасаңыз болмок экен, деп "Де-Факто" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83