www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутаттар жыйынга чегип алып келалбай атабы?

Аман Аскаров 11-октябрь 2019, 17:25

Турмуш Коом Саясат


Депутаттар жыйынга чегип алып келалбай атабы?

Кызыл-Кыя шаарында 54 жаштагы адам баңги затын сактап жүргөндүгү үчүн кармалды. Аны кармоо үчүн Баткен милициясынын жана УКМКнын облустук башкармалыгынын кызматкерлери тартылган. Андан сырткары ошол эле Кызыл-Кыя шаарында 49 жаштагы дагы бир жаран гашиш менен кармалгандыгы маалымдалат. Тергөөдө маалым болгондой ал №49 түзөтүү колониясында жазасын шарттуу түрдө өтөп жүргөн экен.

Албетте, баңги заттар менен кармалган мындай адамдардын саны ондоп саналат. Анын үстүнө алар жайылтуу эмес, өзүлөрүнүн керектөөсү үчүн колдонуп жүргөндөр экен. Бирок, кызыгы 49 жаштагы кармалган жаран депутаттын бир тууганы экен. Азырынча кайсыл депутат жөнүндө сөз болгондугу тууралуу так маалымат жок, бирок аны тактоонун үстүндөбүз.

Дегенибиз, ал депутат дагы өзү гашиштен чегип алып, сессияга келбей жүрөбү деген шек бар. Кийинки убакта парламенттин жыйыны кворумсуз эле 28-30 эл өкүлүнүн катышуусунда өтүп калгандыгы көнүмүш адат болуп баратат. Ошол эле учурда, бири-биринин кнопкаларын басып коюп, кворумду дагы камсыз кылышууда.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83