www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ууруларды өлтүрүп кое жаздашты. Бийликтин расмий жообу жарыяланды

Айдар Нуралиев 11-октябрь 2019, 17:23

Коом Кылмыш жана кырсык Борбордук Азия жаңылыктары


Ууруларды өлтүрүп кое жаздашты. Бийликтин расмий жообу жарыяланды

Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Дангара районунда ууруларды кармап алган жергиликтүү тургундар, аларды катуу сабап салышкан. Бул тууралуу Өзбекстандын башкы прокуратурасы маалымат берди.

Маалыматка караганда, бул окуя 1-октябрда болгон. 1991-жылы туулган Ахмаджон жана 1968-жылы туулган Аваз аттуу жарандар Алижан дегендин үйүнө кирип, 12 миллион 500 миң сум (92 миң 750 сом) уурдап чыгышкан. Муну Одина аттуу аял байкап калып, коңшуларын жардамга чакырган.

Коңшулары ууруларды кууп барып кармап алышкан да, аларды бакка байлап алып сабашкан. Бул учурлар видеого тартылып, социалдык тармактар аркылуу таркап кеткен.

Учурда ууруларды өз билемдик кылып жазалагандарды табуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Ал эми уурулукка шектелип кармалгандардын үстүнөн кылмыш иши козголгон, алар кылмышты моюндарына алышкан.

Эске салсак, Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Дангара районунда ууруларды кармап алган жергиликтүү тургундар, аларды катуу сабап салышты деген видео тараган.

Видеодон көпчүлүк эл эки адамды арканга байлап алып сүйрөп жүрүшкөнүн, сабап жатышканын көрүүгө болот.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83