www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СҮРӨТ - Нарында быйыл тоют чөптүн баасы кымбат

Аман Аскаров 12-октябрь 2019, 10:18

Турмуш Коом


СҮРӨТ - Нарында быйыл тоют чөптүн баасы кымбат

Нарын облусунда чөптүн баасы былтыркыга салыштырмалуу кыйла кымбаттап, анын бир түгү 170 сом болуп отуруп, 200 сомго чейин көтөрүлдү. Буга эмне себеп болду десеңер, быйыл күндүн ысыгы, суунун тартыштыгы тоют чөптүн эрте куурап, кургап калышына кептеген.  Анын үстүнө облус боюнча малдын башы дагы көбөйгөндүгү байкалат.

Өзүңөр билгендей, Нарын жергеси илгертен мал чарбачылык менен алектенип, башка облустардан айырмаланып мал киндиктүү деп эсептелинет. Ошол себептен малга тоют камдоо ала жаздан башталып кеч күзгө чейин уланат. Облус тоолуу аймак болгондуктан кээ бир райондордо чөп жыйноо 1 эле жолу жыйналат, ал эми 2 жолу жыйналган райондорго Кочкор району гана кирет.

Нарын, Ак-Талаа райондорунун кээ бир гана айылдарында 2 жолудан тоют чөптөрү жыйналат. «Быйыл талаада чөп жакшы өскөн жок. Бир гектар жерден 150-200 боо чөп чыгарчу элем. Чөп аз өскөндүктөн бир гектардан болгону 100 боо чөп алдым. Бизди — сатуучуларды деле түшүнсө болот, чыгымдарды жабышыбыз керек. Азырынча биринчи чабык чөптү 170 сомдон жогору сатып жатабыз. Мисалы, табигый чөп же аралашкан чөптүн баасы 170 сомдон, эспарцет, бедени 180 сомдон жогору сатып жатабыз. Экинчи чабык чөптү 185 сомдон алып келип жатышат», — деп билдиришти Нарын шаарындагы чөп базарынын сатуучулары.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83