www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзүнүн тажиясынан кийин үйүнө кайтып келген

Айдар Нуралиев 12-октябрь 2019, 10:19

Дүйнө жүзүндө Коом


Өзүнүн тажиясынан кийин үйүнө кайтып келген

Индонезияда 40 жаштагы Сунарто туугандары аны көөмүп койгондон 7 сааттан кийин үйүнө аман-эсен кирип келген. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Индонезиянын Чыгыш Ява провинциясындагы Гесикан айылынын тургуну өлгөн эмес. Өлгөн адам Сунарто деп ойлогон жакындары, мүрзөгө көмүп коюшкан. Бул окуя жанында документи жок бир адамдын мотоциклде баратып жол кырсыгынан каза болгондон улам башталган. Өлгөн адамдын денеси аябай жанчылып калгандыктан, аны эч ким тааный албай койгон. Полиция болсо, мотоциклдин ээси изилдегенде, ал курулушчу болуп иштеген 40 жаштагы Сунарто болуп чыккан. Ошондуктан алар Сунарто өлдү деп ойлошуп, денени анын туугандарына өткөрүп беришкен. Жакындары да өлүк чын эле Сунартого тиешелүү экендигин аныктай албай коюшкан, бирок, жерге беришкен.

Бирок, аны жерге берип келгенден 7 сааттан кийин өлдү деп айтылып жаткан Сунарто үйүнө аман-эсен кирип келген.

Көрсө ал Вариим деген таанышынан карызга акча алып, залог катары ага мотоциклин таштаган экен. Ошондуктан өлгөн адам Вариим болушу мүмкүн. Вариимдин жакындарына анын өлгөнүн кабарлашкан, ал эми анын туугандары денени башкадан көмбөй эле, үстүндөгү жазууну алмаштырып коюну чечишкен.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83