www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаровду колдогон карапайым калктын саны арбып баратат

Айдар Нуралиев 12-октябрь 2019, 13:23

Саясат


Садыр Жапаровду колдогон карапайым калктын саны арбып баратат

Саясый куугунтуктун желаргысы менен соттолуп кеткен Садыр Жапаровду Кыргызстандын булуң-бурчунан бери колдошуп, түрмөдөн чыгаруу үчүн кол топтоп атышкан карапайым элдин катары калыңдоодо. Демейдеги иш-чараларда каражаттын күчү менен мындай демилгелер араң өтчү эле.

Ал эми Жапаровду колдоодо акчанын жыты да жок экени, жалаң патриоттор баш көтөрүшүп, чындык үчүн күрөшүүгө бет алышканы олуттуу көрүнүш болууда. Эч бир күнөөсү далилденбеген эл уулунун иши адилет каралып, азаттыкка чыкса бийлик үчүн упай гана болмок.

Эртеби-кечпи Садыр Жапаров түрмөдөн чыгары калетсиз, бирок убакыттан уттурбай, бүгүнкү укук коргоо органдары беттерине чиркөө ишти жасашпай, мыйзамдуу алкакта кадамга барышса болмок да. Эл да карап турат, жан кашайтып эле чындыкты чырылдата берүү болобу? “Кумтөр мафиясынын” кесепетинен Жапаровдун түрмөгө жабылганы айтылып эле келатат го?, деп "АЗИЯnews" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83