www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курманбек Бакиев белгилүү журналист Бекен Назаралиевди куттуктады

Айдар Нуралиев 12-октябрь 2019, 16:42

Коом Саясат


Курманбек Бакиев белгилүү журналист Бекен Назаралиевди куттуктады

Экс-президент Курманбек Бакиев "Жаңы Ордо" гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиевди куттуктады. Анын куттуктоосун аталган гезит бетине чыгарды. 

Курманбек Бакиевдин куттуктоосун төмөндө эч өзгөртүүсүз беребиз:

"Урматтуу Бекен иним! Бүгүн 60 жашка чыгып жатасың! Мен сени тааныганыма 30 жыл болду. Убагында бийлик сен жетектеген гезиттерди жаап, анын ичинде “Криминал”, “Ордо”, “Кыргыз ордо” бар, азыр болсо “Жаңы ордо” гезитинин редакциясын жетектеп чындыктын жабылган барактарын ачып чыктың.

Союз урап, эгемендүүлүккө эми эле ээ болгонубузда, кыргыздын биринчи журналисттеринен согуш журүп жаткан Чеченстанга барып, өз көзүң менен ал жакта абалды көрүп, тиешелүү адамдардан интервью алып, кыргыз элине жеткирдиң. Баткен согушунда да коркпой барып ошол жерден репортаж берип тургансың. Баткен согушуна журналист катарында катышып, эми мына “Баткен туткуну” деген жаңы романың чыкты. Мен сени журналист, жазуучу, сүрөтчү катары билем. Акаевди сындап жүрүп бир канча жолу гезиттериңди жаптырып алгансың. Мени да сындап ачуу сөздөрдү айтчусуң, менден кийин Атамбаевди да сындап чындыкты жазып, жаман көрүнүп, куугунтукталып жүрдүң. Убакыт өткөндөн кийин Акаевден, менден кайра интервью алдың. Бирок, чыныгы журналист ушундай болуш керек деп эсептейм. Бекен иним, сенин кыргыз журналистикасына кошкон салымың өтө зор! Мен ишенем, сенден биздин жаш журналисттер таалим-тарбия алып, жарандык позицияң жана көз карашың кийинки муундагы журналисттерге үлгү катары уланышы керек.

Бекен иним, 60 жашың куттуу болсун, сага узун өмүр, чыгармачылык ийгилик, чың ден соолук каалаймын! Мен ишенем, сенин дагы кыргыз адабиятында жаза турган мыкты чыгармаларың али алдыда.

Терең урматтоом менен Курманбек Бакиев

Булак: «Жаңы Ордо»

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Оля Таалайбекова, 15-октябрь 2019, 19:32
Бакиев Бекен Назаралиевди укаси Текебаевге каршы "куп" кана колдонду окшойт(кичине тыйын тыпырын ыргытып туруп).
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83